super.kg logo

Кумтөрчүлөрдүн саламаттыгы менен эмгегин коргоо

 

Биздин ураан: Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт.

4000 метр бийиктикте кенди иштетүүдө негизги татаалдыктар суук климатта жана кычкылтектин төмөн курамы шарттарында жашоодо жана иштөөдө турат. Минималдуу температура -50°С болсо, орточо жылдык температура -8°С. Биздин кызматкерлер үзгүлтүксүз медициналык кароодон жана саламаттык абалын текшерүүдөн өтүшөт, жогорку сапаттуу коргоочу атайын кийимдер менен камсыздалышат, өздөрүн жана кесиптештерин коргоо үчүн ден соолукту коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча окутуудан өтүшөт. Биз күтүлбөгөн кырсыктардын жана медициналык жардам керектелбеген бардык травмалардын каттоосун жана анализин жүргүзөбүз. Мындан тышкары кырсык учурунда аракеттенген куткаруучулардын төрт командасы бар, алар үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүп турушат. Биздин ураан – "Коопсуздук техникасына текебер мамилени актай турган маанилүү иш болбойт".

Биз коопсуз, саламат жана татыктуу иш шарттарын түзүүгө умтулабыз. Кырсыктын алдын алуу үчүн ишке байкоо жүргүзүү, тапшырмаларга эртелеп даярдануу, иш оруну менен талааны текшерип туруу сыяктуу иштиктүү чараларды колдонобуз. Кокустуктун кайталанышынан качуу үчүн окуяны түп-тамырынан изилдеп, тиешелүү иш-аракеттерди жасайбыз. Коопсуздук техникасы боюнча катаал талаптар саламаттыкка залалдын деңгээлин азайтат.

Жыл сайын сасык тумоого каршы иммунитетти чыңдоо программасы ишке ашырылат. 2010-жылдан бери туура тамактануу программасы менен кызматкерлерге жеке консультация берилип, лагерде даярдалган тамактын азык-зат балансы көзөмөлдөнөт. Күнүмдүк тамактануу үчүн адамдардын тандоосуна жеке жана салттык көңүлгө жаккан Кыргыз Республикасында гана сатылып алынган азык-түлүктөн даярдалган сапаттуу жана жаңы даярдалган көп түрдүү тамактар берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: