Бактияр Токторов менен Аваз Акимов SUPER.KG`нин колдонуучуларына "Муйдусунан" дуэтин тартуулашты

SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата белгилүү ырчылар атайын дуэттерди жаздырып жатышканы тууралуу маалымдаган элек. Ал эми бүгүн, 8-декабрда порталдын колдонуучуларына ырчылар Бактияр Токторов менен Аваз Акимов "Муйдусунан" дуэтин тартуулашты.
"Биз" тобунун солисти Бактияр Токторов дуэт атайын "Супер концертке" арналып жазылганын, күйөрмандарына Аваз Акимов менен ырдаган чыгарма жагарын айтса, Аваз Акимов буларды билдирди:
"Муйдусунан" ырынын автору Бактияр Токторов экенин улуу, орто муун жакшы билбесе, азыркы жаштардын көпчүлүгү билбейт экен. Андыктан бул ыр Бактияр агайдыкы экенин жаштар билип жүрүшсүн деген ой менен ырдап жатабыз. Ал өз стилинде, мен өзүмдүн стилимде ырдадык. Чыгарма шаӊдуу, энергиялуу болду".
Белгилей кетсек, эртең, 9-декабрда борбор калаадагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда көпчүлүктү чыдамсыздык менен күттүргөн SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концерт" орун алат. Бул чоң концертке белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Айгерим Расул кызы, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Бактияр Токторов, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Кенже Дүйшеева, Жийдеш, ошондой эле "Non-Stop", "Заман", "Добулбас", "Жебе", "Кыз-Бурак" топтору да күйөрмандарга өз өнөрлөрүн тартуулашса, күлкү жаратуучулар Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев, Нурсултан Курсанали уулу көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөшмөкчү.
БИЗ тобу, Аваз Акимов "Муйдусунан"



Саламатсыздарбы! Сунуштарды эске алабыз, рахмат!
Сания эми кайрылбаймын деген ырды каяктан тапсам болот
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Саламатсыздарбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз.