ЖЫЛНААМА, 11-ДЕКАБРЬ: Совет бийлигин сындап жазып "Нобель" сыйлыгына татыктуу болгон жазуучу Александр Солженицын 98 жыл мурун туулган

Айрыкча мына ушул түрмөдө өткөн жылдар анын болочок чыгармаларынын жаралышына шарт түзгөн.
Александр Солженицындын дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгын алышына да жазуучунун өз чыгармаларында советтик коомду сынга алгандыгы себеп болгон деген пикирлер айтылып келет.
Жазуучу социалисттик реализмдин идеяларын сындап жазганы үчүн Кремлден куугунтук жеген. Ошол социалисттик реализмдин көлөкө жактарын чагылдырган “Иван Денисовичтин бир күнү” повести үчүн Нобелдик сыйлыкты алган.
1962-жылдан тарта анын чыгармалары чет өлкөлөрдөн басылып чыга баштайт. “Иван Денисовичтин бир күнү”, “Кызыл дөңгөлөк”, “Архипелаг ГУЛАГ” чыгармаларынын жазылышы менен Александр Солженицын Советтер Союзунан куулуп, СССРдин ыдырашына чейин Германияда, АКШда жашайт.
Ал ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарына кирет. Советтик түзүлүштүн көмүскө жактарын – репрессияны, түрмөлөрдөгү турмушту, советтик адамдардын турмушун өз абийирине коюп жазган жазуучу. Солженицын бүгүнкү жаңы замандын келишине, мурдагы тоталитардык түзүлүштүн кулашына салым кошкон жазуучу. Ошондон улам алп жазуучунун чыгармачылыгынын башкы өзгөчөлүгү советтик тоталитардык түзүлүштүн көлөкө жактарын жалпы коомчулукка бурмалабай алып чыккандыгында болгон.
Орус жазуучусу Александр Солженицын 2008-жылы 3-августта дүйнөдөн өткөн.
11-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.