super.kg logo

"Ала-Тоо" аянтында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү, ага арналган эскерүү ырлары окулду (фото)

 

Бүгүн, 12-декабрда кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо, 88 жашка толмок. Бул күнгө карата өлкөнүн бардык аймактарында иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин маңдайында жазуучунун туулган күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Ага окуучулар, жогорку окуу жайдын студенттери, мугалимдер жана башкалар катышты. Алгач "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонай эненин монологу айтылды. Андан соң окуучулар, катышуучулар кезектешип Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү, ага арналган эскерүү ырларын окушту.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара "Китеп окуйбуз" акциясы менен коштолуп, Касымалы Баялинов атындагы китепканада улуу жазуучунун чыгармалары окулат. Максаты - кыргыз элин дүйнөгө тааныткан жазуучулардын, анын ичинде Айтматовдун маданий мурастары тууралуу кийинки муунга айтып берүү, кененирээк тааныштыруу жана анын чыгармаларын жайылтуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: