super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мен өзүмдү көзү ачык деп эсептебейм, бирок таң каларлык окуялар көп болот"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сырдуу окуялар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен өзүмдү көзү ачык деп эсептебейм, бирок таң каларлык окуялар көп болот. Үйдө жалгыз отурсам, көз алдымда жоо кийимчен бабалар казино, букмекер сыяктуу оюн-зоок автоматтарын найзалары менен бузуп жатышат. Биз Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда жашачубуз. Ал жерде кадам сайын ошондой нерселер көп эле. Көп өтпөй эле бүт казинолор жабылды. "Жерге бейиш орнойт" деген үндү да уктум. Өзүм түшүнбөгөн окуяларга туш болом".

"Мындай көрүнүш кээ бир адамдарда болот, бирок бакшы-молдолорго барыштын кажети жок. Элге жарыя кылыштын деле кереги жок. Айт деген буйрук болсо гана айтылышы керек. Мындай нерсе көзү ачыктыкка деле жатпайт. Мен бир жолу кабинетимде отурсам, ушунчалык кыргын көзүмө көрүндү. "Согуш!" деп чочуп, анан өзүмө келдим. Болбосо ойгоо эле отургам. Санаага баттым, жакын санаалаш чогуу иштеген сиңдиме айттым. Негедир өзүмчө эле коркуп жүрдүм. Көп өтпөй Андижанда уруш болуп кетти".

"Билбейм неге, бирок кайнежем баламдын сүрөттөрүн, видеолорун көрөт да, "балаңдын бир касиети бар окшойт" дейт, болбосо өзүн көрө элек. Балким, кош бойлуу кезимде ичиме "Алла" деген жазуу пайда болуп калганы үчүн ошентип ойлойт окшойт".

"Билбейм эмне дешти, муну "аян берет" дейби? Кээде, чын эле Кудайым берген касиет деп ойлойбуз, кээде көзү ачык болуп, шайтан менен иштешип жатат деп ойлойбуз. Түшүнүш кыйын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.12.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калыштуу экен...
12.12.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
менин да ушундай касиеттерим бар болот деген нерсем 2-3 кундон кийин болуп калат анан тушумдо коргон нерсем да онумдо болот.Ванга тушумо кирип турат тез тез Ванга наверное возвращается
13.12.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ордокторду жаман учуртасынарго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: