super.kg logo

Таштандыларды жөндөө

 

“Кумтөр” таштандыларды утилизациялоону ири тоо-кен өндүрүшүнө ылайык инструкциялардын негизинде аткарат. Алар калдыктарды жөндөө, заттарды колдонуу жана жумушчунун коопсуздугун камтыйт.

Эл аралык кеңешчилердин сунуштары боюнча биз эл аралык ак ниет өндүрүштүк тажрыйбалардын негизинде, өндүрүштөгү таштандыларды азайтуу жана эффективдүү башкаруу процесстерин жана системдерин “катуу таштандыларды жөндөөнүн комплекстүү планында” колдонобуз.

Биздин ишканадан чыккан негизги таштандылар тиричилик, кооптуу жана өндүрүштүк болот. Тиричилик таштандыларга турак жай лагерь объектилери менен кеңселердеги тамак-аш калдыктары жана кагаз материалдары кирет. Өндүрүштүк таштандылар - пластик контейнерлер, жыгач, металлолом жана дөңгөлөк шиналары. Кооптуу уулуу таштандыларга цианиддин таңгактары, аккумуляторлор, медициналык калдыктар жана колдонуу мөөнөтү өткөн реагенттер кирет. Таштандыларды жайгаштыруу объектилерибизге кеңселерден жана демейде 1600 адамга чейин жашаган турак лагеринен чыккан тиричилик таштандылары үчүн санитардык полигон кирет. “Кумтөрдө” бир кишиге бир күндө туура келген тиричилик таштандыларынын көлөмү болжол менен 1,4 килограммды түзөт. Салыштырсак, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин билдирүүсү боюнча, АКШда бир кишиге бир күндө болжол менен 2 килограмм таштанды туура келген. Ошондой эле бизде май болгон эски-уску буюмдар жана цианид таңгактары үчүн өзүнчө таштанды жайы колдонулат.

“Кумтөр” ишканасы өзүнүн бардык өндүрүштүк таштандыларын кайра иштетет. Ташталган темир-тезек, жыгач, желим жана иштелген май ошол таштандылардын көпчүлүк бөлүгү. Иштетүүгө же кайра керектөөгө чыныгы мүмкүнчүлүк келип чыккан учурга чейин иштетүүгө же кайра колдонууга болгон таштанды буюмдар чыккан жеринде убактылуу сакталып турат.

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрө жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, таштандылардын ээси катары “Кумтөр” өз таштандыларын коопсуз жол менен утилизациялоого милдеттенме алат. Экологиялык жоопкерчилик менен камкордуктун деңгээлин жогорулатуу үчүн “Кумтөр” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агенттиктеринин корутундулары менен эл аралык эксперттердин сунуштарынын негизинде таштандыларды жөндөө тажрыйбаларын жаңыртып, улам жакшыртып турат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: