super.kg logo

Бишкекте Иманалиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, капиталдык оңдоодон кийин Иманалиев көчөсүнүн Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 12-декабрда билдирди.

"Оңдолгон бөлүктүн узундугу 800 метр. Аба ырайынын сууктап кеткендигине байланыштуу ирригацияларды орнотуу жана тротуарларды оңдоо иштери токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасы тарабынан берилген гранттык каражатка жүргүзүлдү. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча кытайлык "China Road and Bridge Corpоration in Kyrgyzstan" корпорациясынын ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында, жалпы узундугу 95 чакырым болгон калаанын 49 көчөсү жана 6 көпүрөсү, анын ичинде жаңы конуштардын жолдору оңдолот.

Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында 2016-жылдын 2-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз негизде грант берүү келишимине кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.12.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнегедир бизде суук тушкондо жол ондоп башташат...
12.12.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайтарымсыз болсо коркпой жейт го, жаман айтпай жакшы жок деп айтып атам. Жол курулганы албетте жакшы, мерия курдурбаса ким курат? Мэриянын башкы жумушу ушулар негизи. Адрахманов көчөсү каерде?
13.12.2016. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдрахманов кочосу мурдакы Советский кочосу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: