super.kg logo

SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концерттен" фоторепортаж

 
Концерт башталар алдында
Сахнада жылдыздар үчүн атайын орун даярдалып, айланасы шарлар менен кооздолду.
Сахнанын өзгөчө жасалгасы концертке көрк кошту.
"Жебе" тобунун жигиттери жана Кенже Дүйшеева
Селфиге түшүп жаткан Эрнест Бөрүбаев жана Ильяз Абдыразаков
"Заман" тобу
Чыгармачыл жигиттер
Гүлжигит Калыков
Концертте "Кара жорго" ырын кыргызча ырдаган Малайзиядан келген конок Фарра Фаттах
Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков
Эркин Рыскулбеков, Гүлжигит Калыков, Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев
Концертти Нурайым Азыкбаева менен Назбек Кенчинбаев ачып беришти.
Асел Турдалиева менен Алихан дуэт ырдашты.
Съездбек Искеналиев жана Асема да дуэт аткарышты.
Ырчы Алтын Дастанов, "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева
Гүлжигит Калыков жана Дайыр Исмадияров
Алина Жетигенова жана "Жебе" тобунун жигиттери
"Жубайыма" ыры менен эл оозуна алынган Турдакун Ниязалиев
Сулуулар сынагынын алып баруучулары Урмат Усенов жана Эрмек Нурбаев
Гүлжигит Сатыбеков
Урма аспапта ойногон Хамид Алимов хореографтар менен
"Биз" тобу
Асел Турдалиева, Алихан
Аваз Акимов менен Бактияр Токторов "Муйдусунан" ырын атайын концертке жаздырышкан.
Данияр Эрматов жана Айчүрөк Иманалиева "Роза гүлүн" да атайын концертке жаздырып, дуэт аткарышты.
Адилет Азимов менен Гүлнур Сатылганова "Болсочу" ырын аткарышты.
Ырчы Неля жолдошу Урмат Усенов менен
Клара Алибекованын "Кыргызымдын жигиттери" ыры менен чыкканы көпчүлүккө күтүүсүз болду.
Айжамал Кабылова "Турмуш сабагын" аткарды.
Кундуз Канатбек кызы жана Асел Кадырбековадан дуэт жаңырды.
Жийдеш бийчилери менен
Алып баруучулар сахнада
Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо
Ырчылар "Super.kg'ге арноо ырын" аткарышты.
Концерттин соңунда сахнага шарлар түшүп, көрүүчүлөр көтөрүңкү маанайда тарашты.

9-декабрь күнү борбор калаадагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концерт" орун алды. Бул мааракеге байланыштуу сахна атайын жасалгаланды. Анда белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Асел Турдалиева, Кенже Дүйшеева, Жийдеш Идирисова, Клара Алибекова, Айжамал Кабылова, Айгерим Расул кызы, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Бактияр Токторов, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, ошондой эле "Non-Stop", "Кыз-Бурак", "Заман", "Добулбас", "Жебе", "Биз" топтору күйөрмандарга өз өнөрлөрүн тартуулашса, күлкү жаратуучулар Нурсултан Курсанали уулу жана Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев баштаган "Позитифф" командасы көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөштү.

Концертте алып баруучулук тизгинди белгилүү жана таланттуу алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков, Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев аркалашты. Ошондой эле концерт "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолуп, анда "Супер сулуу-2016" наамы менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды.

Концертте ырчылар эл жүрөгүнөн түнөк тапкан хит чыгармаларды аткарышты. Малайзиядан келип, "Кара жорго" ырын кыргызча ырдаган Фарра Фаттах күйөрмандардын өзгөчө колдоосуна ээ болсо, Клара Алибекованын бир кездеги "Кыргызымдын жигиттери" хит ыры менен сахнага чыкканы көпчүлүккө күтүлбөгөн номер болду. Ал эми Ильяз Андаш менен Курал Чокоевдин тойлордо жаңырып жүргөн "Сейдакматтын ыры" көрүүчүлөргө өзгөчө шаң, энергия тартуулады. Ошондой эле дагы бир өзгөчөлүгү - эки муундун атайын жазылган дуэттери келген коноктордун көпчүлүгүнө жагымдуу сюрприз болду. Себеби күйөрмандар арасында 80-90-жылдардагы ырларды сагынгандар да бар эле.

Кече соңунда Каныкей, Омар, Нурлан Насип, Жийдеш, Баястан порталдын 10 жылдыгына карата "Super.kg'ге арноо ырын" аткарышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
13.12.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жюрилер ким болду,видео версиясын
Батыраак жуктогуло
13.12.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuigan., саламатсызбы!
http://www.super.kg/kabar/news/169133/ ушул кабардан сурооңузга жооп таба аласыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: