super.kg logo

Кайырчы Акылбек Исламов: "Бишкекке өтүк тигип иштөө үчүн келгем, жолум болбой, кайыр суроого өттүм"

 

Самарканд шаарынан Бишкекке өтүк тигип иштегени келген майып жигит кайыр сурап калды. Ал мындай абалга кантип туш болгонун SUPER.KG порталына айтып берди. "Самаркандда жашаймын. Жакындарымдан Бишкекте өтүк тигип иштесе жакшы акча табат деп уккан элем. Мындан улам Бишкекке келгениме 10 күн болду. Азыраак акча менен келгем. Бул жакта бут кийим тигип, оңдоо үчүн материалдар кымбат экен. Акчам жетпей калды. Кайыр сурап, кайра кетүүгө аргасызмын", - деп билдирди ал.

Акылбек Исламов Өзбек Республикасынын Самарканд облусунун тургуну. Ал учурда 32 жашта. 3 жыл мурда эки буту кыймылдабай, баспай калган. Ал азыр балдактын жардамы менен басып жүрөт. Анын 3 баласы бар. Улуусу 9 жашта, кичүүсү 1 айлык.

"29 жашымда атамдын кан басымы көтөрүлүп, оор абалга кабылды. Ал учурда атамды кучактап ыйлап отуруп калдым. Дарыгерлер келгенче кучагымда дүйнө салып кетти. Жакын адамымды жоготуу мага аябай катуу тийди. Өзүмдү кармана албай катуу ыйладым. Эсимди жоготуп, ооруканага алып барышыптыр. Дарыгерлердин айтымында, катуу коркуп калган экенмин. Нервиме доо кеткендиктен, эки бутум тең иштебей калды. Эми минтип 3 жылдан бери өз алдымча баса албай жүрөм. Дарыланууга каражат жок", - деп кошумчалады Исламов.

3 баласын багуу үчүн майып болсо да жер кыдырып, иш издеп жүргөн Акылбек "Ош базарынын" айланасындагы үйлөрдүн бирин ижарага алып жашап жатат. Ал күн сайын үйдүн ижара акысына 100 сом төлөйт. 5-10 миң сомго жакын акча тапса мекенине кайра кетерин айтты.

"Күн көтөрүлүп, сууктун мизи кайтканда адамдар көп өтчү жерге чыгып, муздак ташта отуруп кайыр сурайм. Эл арасында жакшы адамдар көп экен. Ары-бери өткөндөр тыйын таштап жатат. Айрым учурларда 300 сомдон 500 сомго чейин акча чогулуп калат. Эми жол кирем топтолуп калса, балдарыма таттуу, азык-түлүк алып кетем", - дейт кайыр сураган каарманыбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(23)
13.12.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
(((
13.12.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кичине колунда барлар мумкунчулугунор болсо жардам берип койгула. Бишкекте болсом жардам бермекмин. Ото аянычтуу тагдыр. Менинда бир эжем ошентип авам откондо каттуу ыйлап баспай калды эле врачтар жакшы карап басып кетти.
13.12.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
эми бул байкуштун соткасы да жок да ээ.ош базардан тапсам керек.жардамымды аябайм
13.12.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Байкуш тиричилик деп келиптир эле да, эми эсен-аман кетип калса экен, бишкектик тургундар ушул макаланы окугандар жардам берип койгула колуңардан келишинче, борбордо болгонумда жардам бермекмин
13.12.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллах женилдик берсин. амин. чындап эле шаар тургундары акча чогултуп оз мекенине кетип алышына жардам берип коюнуздарчы
13.12.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Беш Сары ситинин Чуй кочосу жагында отурат экен да. Акчам болгондо жардам бербейт белем, себеби Кудайга жалынып убада бердим эле бутунан басалбай жургондорго жардамымды аябайм деп, пендечилик да азыр озум бастым бирок убадамды аткаралбай турам. Кызыма сутко деген акыркы 100сомум эле бар да.
13.12.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aruuke0000, Алла раазы болсун сиздей адамдар бар учун гана бул коом кармалып турат, сиздин созунуз мени да аябай жылытты чоон рахмат!
13.12.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен иштеген жерде цыгандар олло урулук кылышып кечинде пакет пакет продукты кылып таксиге отуруп кетишет эле... Алардын айыбын ачкан жокмун болгону озунорго сак болуп бышык болгула дегеним акчасын уурдаткан адамдардын кейпи эч элесимен кетпейт. Ишенич жок бул адамга. Жеткен наглый келишет жутайын деген тамагыны да жулайын деп турушат. Акылбек деп жазууну окуп кыргыз окшойт деп ойлопмун суротун коргондон кийин кумон пайда болду. Тооба жанылсам Кудай кечир.
Djal1987 түзөттү 2016-12-13 20:07:09
13.12.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ишенбейм. Булар жеткен калпычы жалкоо жалганчы келишет. Таякты да калп эле которуп алган. Самаркандда деле отукчу болуп иштесе болмокда. Тилемчиликти булар кесип кылып алган. Аты да акылбек имиш. Самаркандда кыргыз бар экенин эми окуп жатам. Кабарчынын кулагына жакшы эле кесмени илиптир. Паспортун сураш керек эле , ошондо билинмек ким экендиги.
abusait түзөттү 2016-12-13 14:50:27
13.12.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ким болсо да жардам берсек Жараткан озу сообун аябастыр
13.12.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келгениме 10 кун болду дейби мен муну коргонумо адашбасам 3 ай болуп калды ошо жерде отурганына
13.12.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ulan2601,базааар жок ооба ошондой болуп калды
13.12.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ulan2601,Ооба мен да мурда эле коргондоймун. Дагы билбедим
13.12.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2009-2010-жылдарда Ош шаарындагы борбордук базарда эки озбек кыз майыптардын коляскасында отруп кайыр сурашат эле. Бир куну эрте менен Зайнабидиновадагы поликлиникадан чыгып базар жакка келе жатсам ошол эки кыз коляскаларын чымын куюн болуп туртуп, оздору аркасына жабышып алып жарышып келе жатканын коруп, келмем оозуман учкан. Акча табыш учун адамдардын ойлоп таппаганы жок да. Ошондон бери кайыр сураган адамдардын баары эле ошолорго окшоп олумуш болуп отургандай сезиле берет.
13.12.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Билбей туруп тигиндей мындай деген болбойтко туугандар, бир Озбек же Кыргыз жаман болсо баары кошулуп жаман болбойтко, бул да АЛЛАХтан келген сыноо, эч кимдин башына мындай нерсе келбесин, АЛЛАХ шыпаасын берип, айыгып кетсин.
13.12.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу супер инфонун журналистери ушул баланын чын эле баса албай турганын изилдеп коргулочу сураныч. Анткени жогоруда жазылган ар турдуу ой пикирлерге байланыштуу. Мен да ушул баланын майып экендигине ишенбей турам,билбей будомук ойлорду ойлоп жатабыз ошон учун пендебиз да,Жараткан Озу кечирсин.
13.12.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эээ кайдагы нерсении айтып жатасынар Ташкенте ошентип кыргыз жараны журо алабы экен сразу депорт этип жиберишет.Оштогу Достук чек ара таможниясына албарып озбекстандын чек арачыларына тапшырып жибериш керек пускай сами разберутся.
KGstan1981 түзөттү 2016-12-13 19:27:21
13.12.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тусуно караганда нор эле адам.Алдап атат бирок себеби баспай кыйналган адам бул жака келмек беле отук тиккени баш иштеш керек да. Уйу жок кайерде жашаймын деп келди.агент болушу мумкун озунчо.Бишкеке келип Озбек туугандар ээлеп алыптыр коп жерди Ош бутуп.Маршурткада тим эле Озбекстанда жургондой кыйкырышып суйлоп.Биздин Кыргыздар Озбекстанда Кыргызча к деп корсунчу не болоор экен
13.12.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ayida,100%кошулам кыргызга окшобойт
рожасы. агент болушу да мумкун чын еле ошто озбектер чон енесинин уйундо жургондой журот озбекстандагы кыргыздарды бирда кыргызча суйлотпойт....
айткандары
чын бодсо жардам беоп койсо жакшы болмок.
13.12.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депорт кылыш керек озубуздун инвалиттер жетишет!
13.12.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tyrgon,инвалиттер дебе!!!
13.12.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да коргонумо 3 ай болду го байкени.....
14.12.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ туугандар супер инфо жамааты андай дебегиле бироо жыргаап жургону учун кайыр сурабайт! Пайгамбарыбыз сав айткан "Суранбагыла,сурангандарлан аянбагыла деп"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: