Нарын облусунда кыштоодо кар көчкү жүрүп, 20 баш кой көчкү алдында калды
Нарын облусунда кыштоодо кар көчкү жүрүп, 20 баш кой көчкү алдында калды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.
"Бул окуя 10-декабрь күнү Нарын облусунун Куланак деген айылында болгон. Анда кыштоодо кар көчкү жүрүп, 50 баш койду басып калган. Малчылар 30 койду куткарып калууга үлгүрүшкөн, 20 кой көчкү алдында калган. Малчылар бул тууралуу тиешелүү органдарга кабарлашкан эмес", - дейт Шерипова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

103кө чалыш керекпи же 102геби ?
МЧС менен ветеринардык кызматка кабарлаш керек же башкага кабарлаш керек деп айтса, эл кийинки жолу кабарлашат.