super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Унут мени" клиби үчүн пианинону чындап өрттөшкөн" дейт KG Эльмурат

 

Сулуулук эле эмес, чыгармачылык да кандайдыр бир курмандыктарды талап кылары талашсыз. Дегенибиз, ырчы KG Эльмурат "Унут мени" ырынын клибин тартууда пианинону чындап өрттөшкөнүн айтат.

"Клипти тартууда мен ырдап жаткан кадрды алуу процессине гана катыштым. Каармандарды табуу, клиптин идеясын иштеп чыгуу, аны тартуу иштери, кыскасы, калган жумуштун баары режиссёр Бейпил Мамановго таандык. Кызыгы, пианино өрттөлгөн кадр бар эмеспи, ошол кадр чындыкка жакын болуш үчүн режиссёр атайын алыскы айылдардан эски пианино таап, сатып алып, аны бир сыйра оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн. Боёп, тартуучу аянтка алып келип, анан өрттөшкөн. Мен ага кеткен бардык чыгымды төлөп бергем", - деп билдирди ырчы.

Ал эми клиптеги кемчиликтер тууралуу мындай дейт: "Албетте, бардык нерсенин өзүнүн кемчилиги болот. Клипте башкы каармандардын ашыкча боёнуп алганын байкоого болот. Мен бул нерсени байкаганда тартуу иштери бүтүп калган эле, андыктан баарын кайра тартууга убакыт жок болчу".

Ырчы KG Эльмураттын "Унут мени" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
13.12.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХ!!! Мен мурун да ырчы катары сыйлабайт элем, эми ырчы катары да, адам катары да биротоло сыйлабас болдум...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-13 17:31:28
13.12.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Revolyutsiya, эмнеге ?
13.12.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nukeww, пианино музыканын негизги атрибуттарынын бири, ал эми булар музыканын артынан нан таап жеп жаткан сон, озу жеп жаткан тамагына тукургондой эле кеп болуп калыптыр... Чынын айтканда учурдагы ырчылардын басымдуу копчулугу ырдаганды да, клип тарттырганды да билишпейт. Дагы гезит беттеринен оздорун пиарлаганын коруп тунулосун...
13.12.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Revolyutsiya, этика нормаларын сактаңыз!
13.12.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Revolyutsiya, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.12.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльмуратка кыргыз жигиттинин аты эмес Элмурат эле деп айтырбайбы?
14.12.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу,Супер инфо, менден сунуш:Силерди бутундой кыргыз эли окуйт 85% Алар ар турдуу муноздогу,кесиптеги адамдар.
Силер эмнеге музыка болумундогу эстрада жанрына коп басым жасайсынар?!Баары жасалма сыяктуу...фоннограма,текстеги ката создор ж.б
Айтаарым,музыканын башка жанрындагы адамдарды да чыгаргыла эл эстрададан тажай баштады бизге натуральный музыкасын тааныткыла(композитор,акын,обончу,дрижер)Булар музыканын каймактары,буларды унуткаруу,музыканы тепселоо мн барабар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: