super.kg logo

Жыл башынан баштап ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 662 адам реабилитациялоо курсунан өттү

 

Жыл башынан баштап ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 662 адам реабилитациялоо курсунан өттү. Алардын ичинен 37си кичинекей балдар. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрликтин маалыматы боюнча, комплекстүү реабилитация курсунан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 153ү компьютердик, тигүү, бычуу боюнча билим алышты.

"Майыптык боюнча күбөлөндүрүүдөн 49 127 адам өттү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 адамга же 0,02 пайызга аз. Майыптыгы бар адамдардын саны 150гө же 0,3 пайызга өскөн. Алардын ичинен 577 адам же 5,7 пайызы алгачкы жолу майыптык алса, кайталап алгандардын саны 427ге же 1,2 пайызга төмөндөгөн. Бул жылы 31 879 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга индивидуалдуу реабилитациялоо планы толтурулду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: