super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 12 жыл мурун Францияда дүйнөдөгү эң бийик транспорттук көпүрө ачылган

 

12 жыл мурун, 2004-жылы 14-декабрда Францияда Тарн дарыясынын үстүндө жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик Виадук Мийо аталышындагы транспорттук көпүрө ачылган. Франциянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан бул көпүрөнүн бийиктиги 341 метрди түзсө, узундугу 2460 метр, ал эми туурасы 32 метрге жетет.

Көпүрөнүн долбоорунун авторлору - франциялык инженер Мишель Вирложо жана англиялык архитектор Норман Фостер. Бул көпүрө А75 трассасынын аягы болуп саналып, Париж жана Безье шаарларын бириктирип турат. Көпүрөнүн аркасы менен бул жол Парижден Жер Ортолук деңизге жана Испанияга түз алып барчу, айдоочулардын каражатын үнөмдөөчү жол болуп калган.
Көпүрөнүн курулуш иштери 2001-жылдын 16-октябрында башталып, 38 айга чейин уланган. Жалпысынан куруу иштерине 400 миллион евро сарпталып, ага 120 жылга кепилдик берилген. Көпүрө 2004-жылдын 16-декабрында колдонууга берилип, жол кыймылы үчүн ачылган.

14-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: