super.kg logo

Жалал-Абад шаарында 15-декабрдан тартып өрт коопсуздугун алдын алуу күчөтүлөт

 

Жалал-Абад шаарында 15-декабрдан тартып өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштей башташат. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү маалында өрткө каршы коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул боюнча шаар мэри өрттүн чыгып кетүүсүн алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтарга иш алып барууну тапшырды. Жарандар көп чогулуучу коомдук жайларда, социалдык имараттарда, мектептер менен атайын орто жана жогорку окуу жайларында өрт коопсуздугун күчөтүү талабы айтылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 16 жашка чейинки балдарга пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынган. Ал эми шаар аймагында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматы ишке ашырмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: