super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 513 жыл мурун алдын ала айтуучулук касиетке ээ франциялык дарыгер, астролог Нострадамус төрөлгөн

 

Алдын ала айтуучулук касиетке ээ франциялык дарыгер, астролог Нострадамус (Мишель де Нострдам) 1503-жылы 14-декабрда Франциянын Сен-Реми шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Ал 1518-жылы Нострадамус Авиньонго окууга барып, 1521-жылы искусствонун магистрдик даражасын алган. 1529-жылы Монпелье университетинин медициналык факультетине тапшырып, 1534-жылы докторлук даражага жетет. Ушул мезгилде тарта анын фамилиясы Nostradamus болуп калган.

Окуусун аяктаган соң Ажен шаарына отурукташып, астрология менен алектене баштаган. Шаарда чума эпидемиясы башталып, андан жубайы жана 2 баласы көз жумган. Мишель шаар тургундарына колдорун жууп, үйлөрүн шамалдатып жана татымалдардын түтүнү менен ыштоону сунуштаган. Ал корица жана гвоздикадан дары каражатын жасап, элге берген. Андан тышкары карантиндерди уюштуруп, бул оору менен күнү-түнү күрөшүп, акырында чуманы жеңген. Өз жанын сактоо үчүн аябай эмгектенгени үчүн Экс-ан-Прованстын парламенти ага өмүр бою пенсия төлөгөн.

1555-жылы Нострадамус өзүнүн алгачкы астрологиялык адабий чыгармаларынын жыйнагын жарыялаган. Ага алдын ала айтуучулук касиети берилген. Лион шаарында анын "Центурия" китеби жарык көрүп, бул эмгегинде ал адамзаттын келечектегин жазган.

1561-жылы Нострадамусту бийлик Карл IX`нун тагдырын айтып берүүнү талап кылып үй камагына алган. Ал эми 1564 -жылы Екатерина Медичи жана Карл IX аны хан сарайга астролог жана дарыгер кылып алышкан. 1566-жылы 2-июлда Нострадамус подагра оорусунан улам каза болгон.

14-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: