super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 105 жыл мурун Антарктиканы биринчи болуп норвегиялык Роальд Амундсендин экспедициясы багындырган

 

105 жыл мурун Антарктика түштүк уюлун биринчи болуп норвегиялык Роальд Амундсендин экспедициясы багындырган.

Р.Амундсен бала чагынан түндүккө саякаттоо жөнүндө кыялданчу. 1889-жылы Гренландиядагы экспедициядан кайтып келген норвегиялык уюлдук изилдөөчү Фриттьоф Нансен анын кумирине айланган.

2 жыл медициналык факультетте окуп, апасынын өлүмүнөн кийин ага бөлүнгөн мурасын алган соң, алдыдагы саякаттарына даярдана баштайт. 5 жыл деңиз иши тууралуу билим алып, 1897-жылы Роальд Амундсен капитандын жардамчысы катары "Бельжик" кемесинде түштүккө экспедицияга жөнөйт. Бул саякаттан Амундсен уюлга жакын аймактардагы катаал шарттар менен таанышып, өз алдынча саякатка чыгууга даяр болот.

1903-жылы өтө чоң эмес "Йоа" кемесин сатып алып, арктикалык экспедицияга жөнөйт. Амундсен 6 досу менен Атлантика океанынан Тынч океанына түндүк-батыш өтмөгүн ачкан. Ал эми 1906-жылы мекенине кайтып келип, "Элдик баатыр" аталган.
1911-жылы 19-октябрда саякатчы жана анын командасы Антарктикага экспедицияга жөнөйт. Алар унаа катары иттерге чегилген чананы колдонушкан. Жолдогу ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, акыры 1911-жылы 14-декабрда Роальд Амундсен Түштүк уюлга жетип, Норвегиянын желегин орноткон. Ал Антарктикага англиялык Роберт Скоттун экспедициясынан 1 ай мурун жетип барган.

14-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: