Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 13-декабрь күнү милиция кызматкерлерине Аламүдүн районунун 52 жаштагы К.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал кафенин кызматкери музыкалык аппаратты жана терезе-эшикти сындырып, 11 миң сом материалдык зыян алып келгенин айткан.
Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.