ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 4 жыл мурун АКШнын 20 жаштагы жараны апасын, мектептеги 26 адамды жана өзүн атып өлтүргөн
2012-жылы 14-декабрда АКШнын Коннектикут штатындагы Ньютаун шаарында 20 жаштагы Адам Лэнза аттуу жаран таңга маал үйүндө апасы Нэнси Лэнза менен уруша кетип, аны атып өлтүргөн. Андан соң ал апасы тарбиячы болуп иштеген "Сенди Хук" башталгыч мектебине жөнөгөн. Мектептен 20 окуучуга жана 6 чоң кишиге ок чыгарып, алар каза болушкан. Соңунда А.Лэнза өзүн дагы атып салган. Окуя учурунда мектепте 600дөн кем эмес окуучу болгон.
Кылмышкер колдонгон тапанчалар мыйзамдуу түрдө анын апасынын атына катталганы аныкталган. Адам Лэнза аутизмдин жеңил түрү болгон Асперген синдрому менен жабыркаганы белгилүү болгон. Бул окуядан соң АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама өлкөдө 4 күндүк аза күтүү жарыялаган.
14-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rakyl12

15.12.2016. 14:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ошол мусулман болгондо террорист демек. Мусулман эмес демек ооруулуу.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.