super.kg logo

Бишкекте абалына мышык ыйлачу Саадаев, Орозбеков көчөлөрү айдоочулардын айласын кетирди (фоторепортаж)

 
Орозбеков көчөсү
Айдоочу Мирлан Нурдинов
Жол жээгине ташталган таштанды
Таксист Кадырбек Дүйшөналиев
Саадаев көчөсү

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн абалы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Орозбеков көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн баштап Төмөнкү Ала-Арча айылына чейинки 2,5 чакырым аралыгында абал оор. Жергиликтүү жашоочулар бийлик өкүлдөрүнө кыжырдануусун билдирип, 10 жылдан бери оңдоо иштери боло электигин айтышты.

"Мен ушул аймакта жашап, 15 жылдан бери такси кызматында иштеймин. Мен билгенден Орозбеков, Саадаев көчөлөрү акыркы 10 жылдан ашуун убакыттан бери оңдоло элек. Жыл сайын 50 метр жерге асфальт төшөсө да жол курулуп бүтөт эле. Жок дегенде чуңкурларды жамап койгон жок. Элди ойлогон жетекчи калбады", - деп билдирди таксист Кадырбек Дүйшөналиев.

Бул жолдордон жол тандап айдоого да мүмкүн болбой калган абалда экенин байкоо кыйын эмес. Ансыз да абалы начар жолдорго жашоочулар өз алдынча таш төгүп салганын көрүүгө болот. Ал тургай бир топ убакыттан бери таштандылар алынбай жатат.

"Жолду оңдобосо болбой калды. Мында жашаган ар бир адамдын жашоо-тиричилиги жолго байланыштуу. Мен 4 жылдан бери жүк ташып иштеймин. Тапкан акчам унааны оңдоого кетип жатат. Оор жүк менен аңга түшсөң унаанын тетиктери сынып, алмаштырууга туура келүүдө. Маселени эртерээк чечпесе, эл кыйналып кетти. 2 күндөн бери жол четинде топтолгон таштанды жатат. Алып койгон эч ким жок", - дейт айдоочу Мирлан Нурдинов.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов: "Кытай Бишкек шаарындагы 49 көчөнү оңдоого 478 миллион юань (4 миллиард 780 миллион сом) өлчөмүндө грант бөлүп берген. Оңдолуучу көчөлөрдүн тизмесине Орозбеков көчөсү да кирген", - деп айткан.

Эске салсак, 28-ноябрда окурман "Элдик кабарга" Орозбеков көчөсүнүн ылдый тарабынын абалы мышык ыйлагыдай болуп турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.12.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытайдын оозун карабай, кочмондор оюнун откоруунун ордуна мектеп салып, жолду ондосонор болбойт беле, кочмондор оюнунун шылтоосу менен акча топтоп суунун эки бетине хан сарай салгыча!!! Жайды жайлата ийнеликчесинен ырдап шапар тепкиче ушундай койгойлорду ойлонсо болбойт беле, олкодо мындай ар турдуу койгойлор миндеп саналат, чечилген бири да корунбойт... Анан куру цифралар менен мактантып эле койсо бийликти, эшек сатар бийликти....
14.12.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атамбаевдин гулчотайлары минус басмактан ары отуп кетсин, Атамбаев кыргыздын шоруна жаралган а.... экен, жолуксам бетине эле айтат элем, которуп турган асманы болсо таштап жиберсин, Атамбаев Акаев менен Бакиевден да ашып тушту!!!
14.12.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Борборубуз ушундай болсо башка жагын ойлогондон коркуп атам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: