super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Сүйүүгө туруксуз адамдар окшош болорун "Сагынба мени" клибинде көрсөттүк" дейт ырчы Асылбек Изаков

 

"Ар бир адам өзүнө окшош адамдар менен айланасын курчап алат" деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Дегенибиз, жаш ырчы Асылбек Изаков "Сагынба мени" ырынын клибинде сүйүүгө туруксуз кыз-жигитти көрсөтөт. "Эмне үчүн мындай клип тарттыңыз?" деп сураганыбызда, буларга токтолду:

"Алгач кандай сюжеттүү клип тартсак деп көпкө ойлондук. Анан досум экөөбүз жигиттерди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргөн кыз менен кыз жандуу жигит тууралуу берүүнү чечтик. Клипте өзүң кандай болсоң, сага да башка бирөөлөр ошондой мамиле кылары көрсөтүлөт. Тагыраагы, анда кыз "жигиттерди алдап жүрөм" деп ойлогону менен, аны да башка жигит алдап жүргөн болот.

Клипке тартылуу учурунда бир аз толкундоолор болуп, дубль алууда күлүп жиберип жаттык. Бирок ага карабастан бат эле көнүп, башкы каарман кыз экөөбүз режиссёрду кыйнабай тартылып бердик. Жалпы 500 доллардай чыгым кетип, бир жумада тартылып бүттү".

Асылбек Изаковдун "Сагынба мени" клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: