super.kg logo

Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында сасык тумоо оорусу басаңдабай, 24 мектеп жабылды

 

Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясына кабылып, медициналык жардам алууга кайрылгандардын күнүмдүк мониторингине ылайык, 13-декабрга карата Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусундагы тургундар арасында оору басаңдап калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.

"Республика боюнча оору 6,4 пайызга басаңдады. 12-декабрда 8735 учур катталса, 13-декабрда 8169 учур катталган. 13-декабрга карата Бишкек шаарынын бардык мектептери иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда оору Баткен облусунда 27 пайызга, Ош облусунда 13, Ысык-Көл облусунда 4 пайызга күчөгөнү маалымдалат.

"Оорунун мындан ары жайылышынын алдын алуу максатында жергиликтүү администрациялардын чечими менен мектептер жана бала бакчалар жабылып жатат", - деп билдиришти министрликтен.

Чүй облусунда 11 мектеп, Жалал-Абадда 4 мектеп, 2 бала бакча, Ысык-Көлдө 8 мектеп, Ош облусунда 1 мектеп жабылган. Маалыматка ылайык, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: