super.kg logo

Кумтөрдөгү суу ресурстары

 

Биз сууну өндүрүш ишмердиги үчүн (көбү фабрикада) жана кен жайынын лагериндеги, кеңселердеги жана устаканалардагы коммуналдык-тиричилик муктаждыктар үчүн керектейбиз. Кен карьеринен анын коопсуз жана туруктуу иштеши үчүн түбүнө сарыккан сууларды сордуруп, кургактайбыз.

Суу ресурстарын пайдаланууда негизги учурлар:

- Кызматкерлерди коопсуз, таза суу менен камсыздоо;

- Кенге коопсуз жетүү жана жумуштун туруктуу, коопсуз шарттарын түзүү үчүн карьердин аймагынан суу менен музду алып салуу;

- Табигый чөйрөгө кайткан суунун коопсуз, зыянсыз болушун жана белгиленген сапат талаптарына жооп берерин камсыздоо;

- Кыртыш сууларына кошулган тунмаларды азайтуу үчүн агымдарды көзөмөлдөп, жөндөө.

"Кумтөрдөгү" суу ресурстарынын пайдаланылышы жөнүндөгү кеңири маалымат бул жакта.

Кен ишканасы сууну эки булактан алат: Петров көлү жана кен карьерге сарыккан суулар. Фабрикада негизинен техникалык суу пайдаланылат, ал кенди майдалоо үчүн тегирмендерде жана алтынды ылгоодо жумшалат.

Петров көлүнөн алынган суу кендеги турак жай лагеринде, фабрикада жана башка объектилерде чарбалык-тиричилик максаттарга колдонуу үчүн бир нече баскычтан турган тазалоо системинен өткөрүлөт. Эң заманбап суу тазалоочу жабдуулар колдонулгандыктан, "Кумтөр" кениндеги ичүүчү суу өлкө боюнча эң таза деп аталууга татыктуу. Тазалоонун өзү коммуналдык-тиричилик суу пайдалануунун дүйнөлүк стандарттарына дал келип, бир нече баскычтан турат. Алгач суу тундуруучу жайларга толуп, флокулянттар (салмактуу бөлүкчөлөрдү тундуруу үчүн) кошулуп, андан соң кум чыпкадан өтөт. Кийинки баскычта активдештирилген көмүр чыпкадан тазаланып, натрий гипохлорити менен зыянсыздалат. Кош хлордоодон кийин бактерициддик аспаптан өтүп, анан гана лагердин муктаждыктарына берилет.

Колдонулган өндүрүштүк суулар кайра тазаланып, мамлекеттик текшерүүчүлөрдүн уруксаты менен кайра айлана-чөйрөгө коё берилет. Суунун сапаты менен нормативдери компаниянын сайтында кеңири берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: