super.kg logo

Бишкекте жол белгилеринин үстүнө эрежени бузуп тактайчаларды илген Атай Садыбакасовго айып салынган жок

 

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол белгилеринин үстүнө көчөнүн аттары жазылган тактайчаларды орноткон Атай Садыбакасовго айып салынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"Жол белгилеринин үстүнө тактайчалардын илиниши эрежеге ылайык келбегендиктен, аны алып салуу талабы менен Бишкек шаардык мэриясына кат жибергенбиз. Ал эми тактайчаларды орноткон активистке айып салуу маселесин караган жокпуз", - деп билдирди Бугубаев.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө активист тарабынан көчөнүн аттары жазылган тактайчалар илинген. Активисттин мындай кадамы эрежеге туура келбестигин Патрулдук милиция кызматы билдирген.

"Борбор калаанын Токтогул көчөсү менен кесилишкен Абдрахманов, Эркиндик, Раззаков, Исанов көчөлөрүндөгү жол белгилердин үстүнө илинген тактайчалар алынды. Бул ишти жасагандарга айып салууну "Бишкек асфальт-сервис" ишканасы караган эмес. Мындай аракет биз тараптан жүргүзүлбөйт. Жол белгилерин кармап турган темирлер тешилип же сынып калса, анда активист төлөмөк", - деп билдирди "Бишкек асфальт-сервис" ишканасынын башчысы Мирлан Амантуров.

Атай Садыбакасовдун тактайчаларын Бишкек шаардык мэриясы жөн гана алып салууну туура көргөн. Ага айып салуу маселеси көтөрүлбөгөндүгүн мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова айтты.

Мындан сырткары 1-Май райондук мамлекеттик администрациясы да тактайчаларды алып салууну туура көрүп, бирок айып салуу маселесин карабагандыгын тастыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
15.12.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Эгер ушул ишти ажонун партиясынын мучолору кылганда омуру откучо мактанышат эле жана патролдук милиция кызымат керлери кошулуп айтат эле мындай кылган адамга сыйлык эл камкору же баатыр сыяктуу наам берели деп чыгышмак
15.12.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бул жерде эч кандай мыйзам жок оз кызыкчылыгы учун болуп жатат баары
15.12.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ушинтип жазып илип койушса болмок корунуктуурок кылып
15.12.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Chyn ele korup suyundum ele azyr bolso alyp salyptir patrul akchasyn ele chogultup juroberbeptirda taktaycha akcha algany toskool bolup jatsad.. Misaly men bishkekti jakwy bilbeym kocholordun attaryn uylordun burchtaryn wikaalap aran tabam owonu uwintip ele kozgo korungon jerge ilip koyson jakwy bolmok.Atayga dank ech bolboso bir kun toktogul kochosundo adawpay jurdum.
15.12.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тескерисинче Шаарыбызга бир аз болсо дагы корк кошулган экенго. Миллион акчаларды жеп, элин, жерин саткан чиновниктер менен торот уйунон жаны торолгон ымыркайларды сатып, жакшы торото албай балан олук болуп торолду деп кызарбай айткан врачтарга мыйзам табылбайт. Анан мекен учун куйуп койсо мыйзам 6 секунтда табыла калат.
15.12.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан 7-8 ай мурун 2-3 жаш балдар Ахунбаева менен пр Мирада светофор иштебей элдерди пробкага калтырбай элге жардам берсе мыйзам таап алдынар эле. Мобилдик Патруль кызматы учообу карап токтоьой отуп кеткенде мыйзамынардын (М) тамгасыда корунгон жокко. Аман эле болгулачы ээ.....
15.12.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаардан адашпай жургонго жакшы болмок экен колдон келсе алып салбай бардык кочого илиш керек болчу
15.12.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тактайчалар эмне болду оз ээсине кайтарып бердинерби ошондо? Тетирибиз погода калкпыз озу
15.12.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде мэрия акча жебей калды да ошого,баланча акча кетти деп бюджеттен акча жеш керек эле,бироо бекер жасап берсе да жакпайт.
15.12.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу ПМ ХХХ экенсинерда молодцы
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-16 09:23:35
16.12.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuriyaeljan, этика нормаларын сактаңыз!
15.12.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аттиң ай көрө албастыктын айынан эмнелер гана кылбайт. Ошол үчүнда эч өнүкпөйбүз, бирөө өйдө чыкса экинчиси ылдыйга тартат.
15.12.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздорунун колунан келбейт дагы, бироонун жасаган эмгегин да коро алышпайт,баалашпайт
16.12.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ жегирлер
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-16 08:46:21
16.12.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pirimkul, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: