super.kg logo
  Саясат  

Нурсултан Назарбаев Конституция өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты

 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев парламент жана өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында Баш мыйзам өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата ал Астанадагы жыйында сөз сүйлөп жатып президент, өкмөт жана парламенттин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жөнүндө кеп козгоду.

Назарбаевдин айтымында, Казакстан президенттик башкаруудагы өлкө жана ошол бойдон кала берет. Бирок учурдун талабына жараша парламент менен өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылдыгы келип чыкты.

"Атайын комиссия бул маселени иликтеп, керектүү мыйзамдарды, зарыл болсо Конституцияны өзгөртүү боюнча пикирлерин билдириши керек", - деди Нурсултан Назарбаев.

Айта кетсек, Казакстан президенттик өлкө болуп эсептелет. Президент өтө кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Ал өкмөт башчыны жана министрлерди, сенаттын 15 депутатын, Казакстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын, сенаттын макулдугу менен БШК төрагасын, Улуттук банктын төрагасын, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысын жана башкы прокурорду дайындайт.

Ал өкмөттүн түзүмүн аныктап, борбордук аткаруу органдарын түзүп, кайра уюштуруп же жоёт. Президент парламенттик шайлоолорду аныктап, референдум өткөрүү боюнча чечим кабыл алат. Президент Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы болуп саналат. Конституция боюнча Назарбаев президенттикке талапкерлигин каалашынча коё алат. Ал “улут лидери” макамына ээ. Ага ылайык, президенттиктен кеткенден кийин дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: