super.kg logo

Сокулук районунда 33 жаштагы жаран төрт адамды бычактап, бири каза болду

 

14-декабрь күнү саат 22:30 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Комсомол айылында бир канча адамдын мушташып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барган учурда 27 жаштагы К.Анын бычакталган жансыз денеси табылган.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Н.У. кармалган. Ал сурак учурунда 14-декабрь күнү иштери менен аталган айылга барып калганын жана тааныштарынын бири аялынын туулган күнүнө чакырганын айткан.

"Кылмышка шектүү Н.У. Комсомол айылындагы тааныштары менен бирге спирт ичимдигин ичип, ортодо чыр чыккан. Кийин ал колуна бычак алып жанындагыларды бычактап салган. Анын кесепетинен 27 жаштагы К.А. окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми А.З., Ш.Ж., К.Э. аттуу жарандар бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда Н.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.12.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгери 10 адам урушса да эркекче элн.Азыр 2 урушса бироосу РОССАМАХА.
15.12.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге андай ишке бардың НУ?Жазааңы аласың эми!
15.12.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не деген заман болуп жатат? Кечеле 3 адамды олтуруп акырында озун олтургон. Бугун тортоону бычактаптыр дейт. Кудай адамдарга ыйман, нысап бер.
15.12.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уруш болбосо жашоо кызыксызбы?
16.12.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атандын кору атын очкур арак!дагын канчанын омурун алат экенсин?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: