super.kg logo

"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Бүгүн, 15-декабрда "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган кинофестивалдын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, улуттук сынакта төмөнкү тасмалар сыйлыкка ээ болушту:

Мыкты фильм - "Олжо" тасмасы, режиссёру Болсунбек Таалайбек уулу.

Мыкты режиссура - "Тегирмен" фильми, режиссёру Кенжебек Шайлообаев.

Калыстардын атайын белеги - "Байлыктын азгырыгы" тасмасы, режиссёру Сырга Кубандык кызы.

Улуттук сынакта "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тасма" номинациясы боюнча 2 тасма:

"Олжо", режиссёру Болсунбек Таалайбек уулу.

"Бир катанын баасы", режиссёру Жекшенбай уулу Токтомуш.

Мыкты үн кооздоо - "Лунатик", Калыбек Шерниязов, режиссёру Зирегүл Кубандык кызы.

Эл аралык сынакта жеңиш төмөнкү тасмаларга буюрган:

Мыкты фильм - "Раиса", режиссёру Павел Кузуйок (Молдова).

Мыкты режиссура - "Эркек" тасмасы, режиссёру Берик Жаханов (Казакстан).

Калыстардын атайын белеги - "Рахмат, доктор!", режиссёру Адилет Каржоев (Кыргыз Республикасы) жана "Сейил бактагы окуя", режиссёру Петерис Кимелис (Латвия).

Бул жылы улуттук сынакка 12, ал эми эл аралык сынакка 14 тасма катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыктар кут болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: