super.kg logo

Бишкекте "жер тилкесин алып берем" деп шаар тургунунан акча алып, убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды

 

Бишкекте "жер тилкесин алып берем" деп шаар тургунунан акча алып, убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрь күнү Октябрь РИИБинин кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, Сабыр аттуу чала тааныш адам "жер тилкесин алып берем" деп 1000 доллар алып, бирок ушул убакка чейин убадасын аткарбай жүргөнүн айткан. Бул арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Э.С. кармалган. Мурда бир жолу сот жообуна тартылган. Учурда №1-СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгерде андан жабыркагандар болсо, 0557 102-155, 0551 102-870 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен келин бп келгенден бери(4жыл) кайненем бир аялга акча берет кеминде 10000. Ал да жакындап калды мынтип калды деп журот. Мн оюмча дагы 10 чактуудай адамдан алган ошону озум карматсам бейм.
Keremet008 түзөттү 2016-12-16 09:55:51
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: