super.kg logo

ТЕСТ: Улуттук баш кийим - калпак, элечек... дагы?

 

Бүгүн, 5-март - Кыргыз жеринде Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө. Элибиз илгертен баш кийимди ыйык санап, аны аздектеп пайдаланган. Туш келди бирөөгө берген эмес, уктаарда бут тарапка койбогон жана башка... Улуттук баш кийимдерди канчалык билесиз? Кадимки калпак менен "Бакай калпакты" айырмалай аласызбы? Тесттен өтүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Байыркы доордо жоокердин урушка кийген баш кийими?

Туулга - байыркы замандагы жоокердик баш кийим.

Кийинки суроо


Чоюн баш
Жамбы
Туулга

Сүрөттөгү малакай Кыргыздын кайсы тарыхый инсанына таандык?

2014-жылы Бишкекте Шабдан Жантай уулунун (Шабдан баатыр) малакайы (топу) коомчулукка жарыяланган. Бүгүнкү күндө бул баш кийим баатырдын урпактарында баалуу буюм катары сакталып келүүдө. “Баатыр өлгөндө келиндери ырымдап анын баш кийимин четинен кесип алышып, малакай кичирейип кеткен”,- деп билдиришкен баатырдын урпактары.

Кийинки суроо


Нүзүп бийге
Шабдан баатырга
Алымбек даткага

"Саманчынын жолу" повести. Согушка бараткан Майсалбек поездден апасына эмне ыргытат?

Майсалбек апасы Толгонайга аскердик тумагын ыргытат. Тумакты поезд узап кеткенден кийин келини Алиман алып келип апасынын колуна карматат.

Кийинки суроо


Аскердик тумак
Калпак
Суусар тебетей

Өлкөдө Ак калпак күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган орган?

Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 29-июнунда “5-мартты жыл сайын Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө” токтом кабыл алган.

Кийинки суроо


Маданият министрлиги
Жогорку Кеңеш
Өкмөт

Булардын кайсынысы баш кийим?

Баш кийим - малакай. Ал териден, жибектен жасалган.

Кийинки суроо


Малакай
Жалакай
Милте

Сүрөттөгү киши башынан калпагын түшүрчү эмес. Аты-жөнүн табыңыз.

Эгемберди Эрматов дайыма калпакчан жүрчү. Парламент депутаты болуп турганда: "Депутаттардын ичинде ар кандай сөздөрдү айткандар болду, “баш кийимиңизди алып эле койсоңуз, бул жер жогорку даражадагы жай” деп. Чечпейм дедим. Биз баш кийимди баркташыбыз керек",- дегени бар.

Кийинки суроо


Акын Сооронбай Жусуев
Жазуучу Казат Акматов
Экс-депутат, акын Эгемберди Эрматов

"Манастын уулу Семетей, башында кыргыз ..."

Тебетей - улуттук баш кийимдердин бири. Бүгүн да эл арасында кеңири колдонулуп жүрөт.

Кийинки суроо


... кеметей
... тебетей
... серегей

Салт-санаа: Илгери кыргыздар баш кийимди сатышкан эмес, анткени?

Илгери кыргыздар баш кийимди сатуу, башты сатууга тете деп билишкен. Ошондуктан аны сатышкан эмес. Аны туш келди бирөөгө беришкен да эмес. Баш кийимди алмашып кийүүнү да жактырышпаган.

Кийинки суроо


Баш кийимди сатуу, башты сатууга тете деп билишкен
Баш кийим абдан арзан бааланчу
Баш кийим үйгө байлык чакырат деген ишеним болгон

Бой жеткен кыздардын төбөсү узун, шөкөттөлгөн баш кийими?

Туура жооп - шөкүлө. Кыздар турмушка чыгып жатканда, тойлордо кийилген баш кийим.

Кийинки суроо


Шөкөт
Шөкүлө
Үлбүрөк

Кайсы жайда калпак кийүү сындалып жүрөт?

Бүгүнкү күндө калпакты мончого кийүү адаты бар. Бул көрүнүш коомдо калпакты урматтабагандык, улуттук баалуулуктарды кордоо катары сындалып жүрөт.

Кийинки суроо


Курулушта
Коомдук унаада
Мончодо

Кыргызда калпактын кыюусунун түсү мааниге ээ. Кыюусу жашыл калпакты кимдер кийишкен?

Кыргыздар уулу балагатка жеткенге чейин кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Бул баланын жаңыдан жетилип келе жатканын туюндурат. Ошондой эле балага көз тийбесин деп калпактын маңдайын эки ача кылып тилип коюшкан.

Кийинки суроо


Бой жеткен жигиттер
Балагатка жете электер
Жаңы үйлөнгөндөр

Кеп такыя - кыздардын баш кийимиби?

Кеп такыя кыздардын баш кийими. Анын заманбап үлгүлөрү бүгүнкү күндө да колдонулуп жүрөт.

Кийинки суроо


Ооба
Жок
Айырмасы жок

Кадимки калпактан "Бакай калпактын" айырмасы эмнеде?

Илгери уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турушкан. Алар даражасы жогору экендигин билдирген төбөсү шуңшуйган, кыюусу жок ак калпакты кийишкен. Андай калпак кийинчерээк “Бакай калпак” аталып кетти.

Кийинки суроо


Күрөң кийизден жасалышында
Төбөсү узундугунда
Төбөсү жапыздыгында

Курманжан датканын сүрөттөгү баш кийими?

Курманжан датканын элечек кийген сүрөтү коомчулукка жакшы таанымал. Элечек - кыргыз айымдарынын улуттук баш кийими. Бүгүнкү күндө той-аштарда, мааракелерде кеңири колдонулат.

Кийинки суроо


Оромол
Жоолук
Элечек

Сүрөттө үкү топубу же келекпи?

Үкү топу - кыздардын баш кийими. Илгери кыздын даярдыгы толук бүткөнгө чейин эч кандай куда келип макулдашуу сөзү бүтпөсө, анда ага үкүнүн канаттары тагылган топу кийгизишкен. Топуга чөгөрүлгөн таштар анын атасы канчалык оокаттуу экенин көрсөтүп турган.

Кийинки суроо


Үкү топу
Келек
Экөөсү тең эмес

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(42)
05.03.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
107балл
1суроо ката
14суроо туура
05.03.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mani.kg., койчу ай 107 балл деген болмок беле
06.03.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
realliver, 107 деген балл корсотот экен.
05.03.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
12туура 3 ката 94 балл
05.03.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurdan1112, алдабасаң э меники 2 катага 87 упай болуп жатса, 3 катага 94 балл бермек беле
05.03.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
realliver,Алдабай эле
05.03.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Учунчу попыткада 100 балл берди
05.03.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nurdan1112,3 ката болсо 80 балл алгансыз,алдабай эле коюнуз)
05.03.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
74балл
05.03.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
100балл ката жок.
05.03.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бали!

Текебаев жөнүндө качан тест чыгат девеле. ))))
05.03.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
67
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: