super.kg logo

MegaCom 2016-жылы: 4G жогорку ылдамдыктагы интернеттен тарта “Рио-2016” Олимпиадасына чейин

 

Өлкөбүздүн ири мобилдик оператору байланыш тармагында сапаттуу байланыш менен камсыздап келе жатканына быйыл 10 жыл болду. Бул аралык ичинде мамлекеттин алыскы калктуу конуштарына чейин байланыш түйүнү менен камсыздап, миллиондон ашык кардарлардын талаптарына жооп берип келет. 2016-жылы MegaCom алгачкылардан болуп 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясын киргизип, телекоммуникация тармагынын көч башында экендигин тастыктады.

“Ар бир абонент маанилүү. Алар үчүн күрөшүп иштөө керек”

Ири мобилдик компаниянын жетекчиси белгилегендей, жаңы технологиялардын өнүгүшү мобилдик компанияларга өз таасирин тийгизбей койгон жок.

Азат Базаркулов, MegaCom компаниясынын башкы директору:

- MegaCom компаниясы дагы бир жыл ийгиликтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жигердүү көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады. Бул компаниянын ар бир кызматкеринин жетишкендиги. 2016-жылдын 12 айына карата түшкөн акчанын суммасы болжолдуу түрдө 7 миллиардга жакын сом өлчөмүндө болсо, мамлекетке салык түрүндөгү жана башка төлөмдөр 1 миллиард 504 миллион сомду түзмөкчү. Бул көрсөткүчтөр боюнча мамлекет казынасына төлөнгөн төлөмдөр боюнча биздин компания бир канча жылдан бери эң жогорку көрсөткүчкө ээ.

Дүйнө жүзүндөгү жаңы технологиялардын өнүгүшүнүн таасири мобилдик компанияларга тийбей койгон жок. Айтсак, заманбап смартфондордун кулач жайышы менен интернет мессенжерлерди колдонуу популярдуу болуп келет. Андыктан MegaCom 2016-жылы абоненттерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылууну башкы максат кылды. Бул жылы Кыргызстандын Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл аймактарында 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясы ишке киргизилип, кардарлар үчүн ыңгайлуу жагдайлар түзүлдү. Ар бир абонент маанилүү. Алар үчүн күрөшүп иштөө керектигин компания түшүнөт. Мындан тышкары быйыл MegaCom хоккей боюнча “Азия Чакырык Кубогу”, “Рио-2016” Олимпиадасына аттанган спортчуларга жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы өнөктөшү жана демөөрчүсү катары иш жүргүзүп, коомдук иш-чараларга активдүү катышууну улантууда.

“Ар бир үйдө сапаттуу байланыш жана интернет болуусу - биздин максат”

Батырбек Жумабеков, компаниянын техникалык директору:

- MegaCom уюлдук оператору була-оптикалык байланыш линиясын куруу менен байланыш сапатын күчөтүп, өлкөнүн калктуу конуштардын дээрлик 99 пайызын камсыздайт. 2016-жылы Бишкек-Балыкчы, Нарын, Жалал-Абад-Ош магистралдык линиясын куруу толугу менен аяктап, ишке киргизилди. Мамлекетибиздеги акыркы окуялардан улам интернет менен камсыз кылуу үчүн жаңы түйүндөр Кытай өлкөлөрүнүн чек аралаш аймактарында туташтыруучу жеке оптикалык түйүндөрдү куруу пландалууда. Ар бир үйдө сапаттуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет болуусун башкы максат кылып келебиз. Бул жааттагы иштер келерки жылдары улантылат.

Нурбек Ишекеев, компаниянын коммерциялык директору:

- 2016-жылы MegaCom абоненттердин талабына жооп берген, ыңгайлуу тарифтерди жана акцияларды уюштурду. Мисалы, “Ар дайым интернет” азыркы учурга ылайык келип, интернетти көп колдонгон абоненттер үчүн төп келген тариф. Белгилей кетчү жагдай, өткөн жылга салыштырмалуу интернет-трафик 2,5 эсеге өстү. Бул 4G LTE түйүнүнүн, жаңы тарифтер жана акциялардын киргизилишине байланыштуу. Бүгүнкү күндө 1 МБ интернеттин наркы 5 тыйынды түзөт, бул мурунку жылга салыштырмалуу 2 эсе арзан. Ошондой эле 4G-роутер, 4G-модемдер сатыкка чыгып, кардарлардын интернетке чыгуусуна ыңгайлуу болду. MegaCom`дун өздүк сайты жаңыланып, анда колдонуучулар чалууларын жана интернетке сарпталуучу чыгымдарын көзөмөлдөй алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
16.12.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
интернет пакеттери өтө чектелүү 150 мегабайттан кийин бүттү бир күндө элдик тарифинде, башка операторлордуку мындай эмес.
16.12.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа 150 мб андан коро жумасына 2 же 3 гега интернет бер ошол жетет
16.12.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мегакомдо интернетке ен жакшы тариф кайсыл айтып койгулачы
16.12.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Жалал Абад облусуна караштуу Базар Коргон районунун Могол айыл окмотунун Правда айылында жашайм бизге 3G абдан керек 3G ушул интернет тездигин койуп беришинерди суранам
16.12.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен дагы суранып кетет элем чынында ыраазы болотлее.айылга 3G интернет коюп беришкенде
16.12.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин айлыма 4G рахматын чон чон айтмакмын Алабука рой.
17.12.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге дагы 4G Токтогул шаары Чoн-Арык айылы
17.12.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдер 4G ге өтүшсө силер 3G деп жүрөсүңөрго!
17.12.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malik92,ооба, биздин айылда да 3G жоок, коюп беришсе жакшы болоор эле
17.12.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malik92,инин экоонун эч кандай айырмасы жок
17.12.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абад обл Сузак району Жерге-Тал айылына 4G коюп беришти рахмат жакшы болду интернетибиз жакшы иштеп.
17.12.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур, жанылык окуп турганы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: