super.kg logo

ТЕСТ: Өлкөдө канча ГЭС бар экенин, светтин баасын ким аныктап жатканын билесизби?

 

Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасында энергетика кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет. Убагында бир энергетика министринин "мурда кар жааса лыжа тебем деп сүйүнчүмүн, азыр, тескерисинче, кар жааса маанайым түшөт" дегени бар. Анткени кыргыз энергетикасынын абалы жакшы эмес. Суук түшөрү менен свет өчүрүүлөр башталат, тарифтер да акырындап көтөрүлүүдө. Светке акча төлөгөнүңүздө дүмүрчөккө үңүлүп, сиз иштеткен электрдин баасы кантип эсептелип жатканына кызыгып көрдүңүз беле? Өлкөдө канча чакан ГЭС иштеп жатканыначы? Тесттен өтүп, бул жаатта мыкты экениңизди далилдеңиз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты кайсы жылы ишке киргизилди?

ГЭСтин биринчи агрегаты 2010-жылдын август айында, ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын катышуусунда ишке киргизилген.

Кийинки суроо


2007-жылы
2011-жылы
2010-жылы

Кыргыз жеринен Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоого жол ача турган өкмөттөр аралык долбоордун аталышы?

"CASA-1000" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Долбоорго 2016-жылдын 12-майында Дүйшөмбү шаарында старт берилди.

Кийинки суроо


"Кыргызстан-Ооганстан-Пакистан-2020"
"CASA-1000"
"ХИПИК-2025"

Токтогул ГЭСинде акыркы жолу качан авария болду?

"Электр станциялары" ишканасы Токтогул ГЭСинде 2016-жылдын 15-декабрында авария болгонун тастыктады. Анда 500 киловаттык кабель иштен чыккан. Аталган ГЭСте 2012-жылдан бери 4 жолу авария болду.

Кийинки суроо


2016-жылдын декабрь айында
2015-жылдын декабрь айында
2013-жылдын ноябрь айында

Кыргыз жеринде азыркыга чейин светсиз, чырак менен жашаган айылдар бар. Алардын бири...

Аксы районунун Кызыл-Бейит айылына бүгүнкү күнгө чейин электр жарыгы тартыла элек. Райондун Күрп-Сай, Кургакты айылдары да чырак менен күн кечирүүдө.

Кийинки суроо


Сокулуктагы Асылбаш айылы
Аксыдагы Кызыл-Бейит айылы
Ноокаттагы Төөлөс айылы

"Кыргыз газ" ишканасы Орусияга канча суммага сатылганы эсиңиздеби?

"Кыргыз газды" орусиялык "Газпром" шарттуу түрдө 1 долларга сатып алган. "Газпром" Кыргыз Республикасын үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууну, мамлекеттин газ берүү системин оңдоп, 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын газ тармагына 20 миллиард рубль инвестиция салууну моюнга алган.

Кийинки суроо


10 миллион долларга
365 миллион долларга
1 долларга

Өлкөдө 2015-жылы бүткөрүлгөн ири энергетикалык долбоор?

500 киловольт кубаттуулуктагы "Датка" жана "Кемин" подстанцияларын туташтырган линия тартылып бүттү. Бул линия Кыргыз Республикасын энергетикалык жактан Казакстан менен Өзбекстандан көз карандысыз кылат.

Кийинки суроо


Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу
"Датка-Кемин" линиясынын курулушу
Бардык ГЭСтердин жаңыланышы

Бишкек жылуулук электр борбору (ТЭЦ) кайсы жылы ишке киргизилген?

Бишкек жылуулук электр борборунун курулушу 1958-жылы башталып, ишкананын алгачкы турбоагрегаты 1961-жылы ишке киргизилген. Учурда анда 11 турбоагрегат иштейт.

Кийинки суроо


1959-жылы
1957-жылы
1961-жылы

Кыргыз Республикасында кайсы ГЭСти курууга Өзбекстан каршы болуп келет?

Өзбекстан көп жылдан бери Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршы болуп келет. Долбоорду эл аралык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган коңшулар БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына чейин барып арызданууда.

Кийинки суроо


Чаткал ГЭСин курууга
Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга
Үч-Коргон -2 ГЭСин курууга

Электр энергиясынын тарифин учурда ким аныктайт?

Мурда электр энергиясынын тарифин аныктоо Жогорку Кеңеш менен макулдашылып келсе, 2014-жылы атайын мыйзам кабыл алынып, өкмөт тарифтерди өз алдынча аныктоо укугуна ээ болгон.

Кийинки суроо


Президенттик аппарат
Жогорку Кеңеш
Өкмөт

Өлкөдө бүгүнкү күндө канча чакан ГЭС иштеп жатканын билесизби?

Өлкөдө 13 чакан ГЭС иштеп жатат. Жыл башында Жогорку Кеңештин депутаттары Советтер Союзу маалында Кыргыз жеринде 152 чакан ГЭС иштесе, учурда 13ү гана иштеп жатканын айтышкан.

Кийинки суроо


15
13
17

Ири ГЭСтердин көбү кайсы облуста жайгашкан?

ГЭСтердин көбү Жалал-Абад облусунда жайгашканы белгилүү. Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери ушул облуста.

Кийинки суроо


Нарын облусунда
Жалал-Абад облусунда
Чүй облусунда

Бул белгилүү сөз мамлекеттин энергетика тармагындагы коррупцияны түшүндүрөт.

Ширшовдун схемасы... Олигарх Алексей Ширшов Бакиевдердин тушунда кыргыз энергетикасында түзүп кеткен коррупциялык схема азыркыга чейин жоюлбай жатканын чиновниктер айтып жүрүшөт.

Кийинки суроо


Ширшовдун схемасы
Балкыбековдун системи
Шадиевдин "шабашкасы"

Учурда электр энергиясынын ар бир киловатт-сааты "700 киловаттка чейин" жана "700дөн кийин" деп эки башка тарифте эсептелет. Ал кайсы тарифтер?

Эл 700 киловаттка чейин колдонгон электр энергиясы үчүн 77 тыйындан, андан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөп жатат. 2017-жылы тарифтер дагы өзгөрүшү мүмкүн экени айтылууда.

Кийинки суроо


77 тыйын жана 2 сом 16 тыйын
70 тыйын жана 2 сом 05 тыйын
77 тыйын жана 1 сом 70 тыйын

Кыргыз энергетикасын учурда кайсы мамлекеттик орган башкарууда?

Энергетикалык саясатты жүргүзүү укугу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясында, чарба иштерин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети аткарат. Өлкөдө Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2015-жылы жоюлуп кеткен.

Кийинки суроо


Энергетика жана өнөр жай министрлиги
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы

Кыргыз Республикасындагы эң ири ГЭСти атаңыз.

Өлкөдөгү эң ири ГЭС - Токтогул ГЭСи. Төрт агрегаттуу электр станциясы 1975-жылдан бери иштеп, өлкөнү электр жарыгы менен камсыздап келет. Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күндө 17 миллиард метр куб суу бар.

Кийинки суроо


Күрп-Сай ГЭСи
Токтогул ГЭСи
Шамалдуу-Сай ГЭСи

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
22.12.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ бир эле сурооду ачып жатат неге
22.12.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87, ар бир суроого жооп берген сайын түшүндүрмөнүн алдындагы кийинки суроо дегенди басыңыз.
22.12.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54 Бал
22.12.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80балл жакшы
22.12.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80бал алдым
22.12.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кийинки суроо дегенди бассам да экинчи суррого өтпөй жатат, бул тест анча жакпады, мурунку эски версиядагысы жакшы эле
22.12.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
omka100514,менде дагы ушул койгой
22.12.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл болду жакшы
22.12.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
22.12.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл жакшы. 14-суроону билбейт экем. Тесттен ото албагандар, телефонунардан го, менде 15 суроонун баары эле ачылды, кийинки дегенди басканда
22.12.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не деген тест мурдагы эле жакшы болчу
22.12.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл менде
22.12.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60ball
22.12.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл
22.12.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тест анда кандай телефондордо иштейт экен?
Менин телефонум самсунг галакси с4
22.12.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KurcAinura, talant87, UsenovaAizada, саламатсыздарбы? Техникалык ката түзөтүлдү, кайра аракет кылып көрүңүздөр.
22.12.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahat19 100 балл
22.12.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 балл
22.12.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: