super.kg logo

Жалал-Абад. Таш-Булак айыл аймагында жер мыйзамын одоно бузуу боюнча кылмыш иши козголду

 

Жалал-Абад облусундагы Таш-Булак айыл аймагында жер мыйзамын одоно бузуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак райондук кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары расмий катталган маалыматтарга мыйзамсыз өзгөртүү киргизишкен. Мындан улам Таш-Булак айыл аймагынын жашоочулары 36 гектардан ашык айыл чарбага керектүү жерге болгон укугунан ажырап калышкан. Ошондой эле Таш-Булак айыл аймагынын, Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын жана Архитектура, курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары ич ара сүйлөшүп алышып, 2,58 гектар жер тилкесин жеке курулуш үчүн 43 жаранга мыйзамсыз сатышкан. Учурда "алдамчылык", "кызматтык жасалмачылык", "кызмат абалынан пайдалануу" жана "жер мыйзамын бузуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: