super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ДЕКАБРЬ: Мындан 95 жыл мурун белгилүү советтик жана орусиялык актёр, маскарапоз Юрий Никулин төрөлгөн

 
Актёр "Кавказская пленница" тасмасында

СССРдин Эл артисти, Москвадагы Түстүү сейил багындагы цирктин жетекчиси, актёр жана маскарапоз Юрий Никулин 1921-жылы 18-декабрда Орусиянын Смоленск губерниясындагы Демидово шаарчасында төрөлгөн. Атасы цирк үчүн эстрада скечтерин, клоунада, реприздерди жазган. Ал эми апасы Юлия ошол циркте ырларды окучу.

Никулиндер 1925-жылы Москвага көчүп келишкен. Юрий 5ке толгондо атасы аны циркке алып барып, кичинекей актёр циркти бир көргөндө эле жактырып калат. 1929-жылы 1-класска кирет. Өмүрүндөгү эң биринчи ролду "Огород" деген оюндагы Горошканын кейипкери болуп аткарат. Ошондо айта турган 3 сап ырды унутуп калып, амал менен кутулуп кетет. 15 жашынан баштап жалаң анекдотторду чогултуп, калың дептерине жаза берет.

Юрий Никулин 1939-жылдан 1946-жылга чейин аскерде, согушта болгон. Ал жактан да анекдот айтуу боюнча алдына киши салган эмес. Аскерден келип ВГИКке тапшырса, ал жердегилер "сенде анча-мынча чымын бар экен, бирок киного жарабайсың" деп коюшат. Анан ГИТИС менен Щепкин атындагы Театралдык окуу жайга кирет, бирок ал жакты да аяктабай туруп Ленин ордендүү Москва циркинин клоунада студиясына тапшырат. Никулин өзүн мактагандарга "цирк үчүн мен эч кандай залкар эмесмин, мени кино популярдуу кылды" деп айтчу дешет.

Орустун улуу артисти 1997-жылы 76 жаш курагында дүйнө салган. Дарыгерлер Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүп, 16 күн бою Орусия басылмалары анын ар бир күнүн жазып турушкан. Тилекке каршы, доктурлар айла таба алышкан эмес. Цирктин имаратындагы Никулин менен коштошууга Борис Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.

Белгилей кетсек, Юрий Никулин "Бриллиантовая рука", "Кавказская пленница", "Операция "Ы" и другие приключения Шурика", "Ко мне, Мухтар!" жана башка бир нече белгилүү тасмаларда башкы ролдорду жараткан.

18-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.12.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жагат четкий актер соз жок азыркы заманда мындай актерлор жок.
18.12.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир ролду чын журогунон аткарат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: