super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ДЕКАБРЬ: 19 жыл мурун АКШда алгачкы жолу "Титаник" тасмасы көрсөтүлгөн

 
Тасманын режиссёру Жеймс Кэмерон
1997-жылы 19-декабрда АКШнын кинотеатрларында алгачкы жолу "Титаник" тасмасы көрсөтүлгөн.
Шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын режиссёру жана сценарийин жазган - Жеймс Кэмерон. Ал эми продюсерлери – Памела Исли, Жеймс Кэмерон, Ал Гиддинс. Кинодогу ролдорду Леонардо Ди Каприо, Кейт Уинслет, Билли Зейн, Билл Пэкстон, Кэти Бэйтс, Жонатан Хайд, Глория Стюарт, Фрэнсис Фишер, Бернард Хилл, Дэвид Уорнер, Сьюзи Амис жана башкалар аткарган.

Жеймс Кэмерон “Титаник” тууралуу алгачкы жолу 1987-жылы даректүү тасма аркылуу билген да, аны дароо бул жөнүндө кино тартуу идеясы ээлеп алган. 1994-жылга чейин Кэмерон 167 беттен турган сценарий жазып, аны “20th Century Fox” кинокомпаниясына сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү ойлонбостон режиссёрго 3 миллион доллар бөлүп берүүнү чечкен. Өзүнүн тасмасынын негизги каарманы менен жакындан таанышуу максатында Кэмерон 1995-жылы орусиялык илимий-изилдөөчү команда менен бирге океан түбүнө 12 жолу чумкуган. Ошондо эле фильмдин алгачкы эпизоддору тартыла баштаган. Суу алдында камералар 15 мүнөт гана иштечү, андыктан чыныгы “Титаникти” тартууга эле 2 айдан ашык убакыт кеткен. Ал эми тасмага бул материалдардын 12 мүнөтү гана керектелген. “Көрүүчүлөр кинотеатрга кеменин урашын көрүү үчүн келет” деп ишенген режиссёр бул көрүнүшкө басым жасап, атайын эффекттерди даярдоого 17 студияны ишке киргизген. Тасма 1996-жылдын 16-сентябрында тартыла баштаган. Баштала элек жатып түрдүү даярдыктарга 110 миллион доллар сарпталганы эсептерден билинген. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллион долларга чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча каражат алууга мажбур болгон. Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созуларын көргөн соң аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөт.

Бул тарыхый драманын 135 номинацияда аты аталып, анын ичинен 87 номинация боюнча сыйлыкка татыктуу деп табылган. Сыйлыктардын эң баалуулары болуп “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты кийим дизайны”, “Эң мыкты монтаж” жана башка наамдары менен кошо берилген 1998-жылдын 11 "Оскары" эсептелет.

19-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.12.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун кино
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: