super.kg logo

"Бий аркылуу адам эч нерсеге карабай толук кандуу жашоо кечире аларын көрсөттүк" дешет "Тумар" тобунун бийчилери

 
Аида Акматова
Солдон оӊго: Тимур Садыков, Эрдик Таалайбек уулу

Бүгүн, 19-декабрда борбор калаадагы маалымат жыйында Чехиянын Прага шаарында өткөн "Diаmond voice-2016" Эл аралык сынагында 2-орунду алган ырчы Нэна жана бир топ ийгиликтерди багындырып жүргөн "Тумар" бийчилер тобу эл аралык сынак, жетишкен ийгиликтери тууралуу ой бөлүшүштү.

"Биз Словакиянын борбор калаасы Братиславада 27-28-ноябрь күндөрү өткөн "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалында бий аркылуу коомдогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйүн көрсөтүүнү каалаган элек. Бирок ал жакка барганда режиссёр башка номер коюубузду суранды. Андыктан кыска мөөнөттө жаңы номер даярдадык. Албетте, бир топ кыйынчылыктар болду, бирок ага карабай жеңишке жетиштик", - дейт топтун бийчиси Тимур Садыков.

Ал эми финалда аталган топтун бийчилери менен бирге кыргыз циркинин артисти Аида Акматова да өнөр көрсөткөн. Ал топтун өкүлдөрү менен көп жылдан бери дос экенин айтат.

"Финалда балдар эмнеге умтуларын, адам эч нерсеге карабай толук кандуу жашай аларын, ийгиликтерди багындырарын көрсөткүбүз келген. Бийди иштеп чыгуу, толуктоо киргизүүгө 2 гана күнүбүз бар болчу. Андыктан биринчи күнү уктабай даярдандык, жыйынтыгы жакшы болду", - дейт
А.Акматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: