ТЕСТ: Жаңы жыл майрамы кайсы өлкөдө кандай белгиленет?
Жаңы жыл майрамы дүйнөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунда чоң салтанат менен белгиленчү сыйкырдуу майрам эмеспи. Жыл тогошор алдында ар бирибиз жаңырып жаткан жылдан жакшылыктарды күтүп, жакшы нерселерден тилек кылабыз. Жомокту элестеткен жаңы жылдык жасалга, элдердин жүзүндөгү майрамдык маанай, дүкөндөрдү кыдырып жакындарына белек издеген адамдар, азык-түлүк алып күйпөлөктөп жүргөн кожойкелер, балпалактап жааган кар... Айтор, ушунун баары жыл тогошорунан кабар берет. Улутуна, Кудайга болгон ишенимине, жашаган жерине, өлкөсүнүн климатына, салт-санааларына карабай баарына бирдей болгон Жаңы жыл майрамы тууралуу кызыктарды төмөнкү тесттен өтүп билип алыңыз.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Кубада Жаңы жыл майрамын кантип майрамдашат?
Туура вариант (в). Кубанын жашоочулары бош идиштин баарына күн мурунтан суу толтуруп коюшат. Сааттын жебеси 12ни какканда суунун баарын терезеден төгө башташат. Жергиликтүү жашоочулардын ырымы боюнча, кирип келген жылга ак жол каалап, ушундай жол менен Жаңы жыл суудай таза болсун деген тилек айтышат. Мындан сырткары сааттын жебеси 12 жолу какканга чейин 12 жүзүмдү жутуп үлгүрүү менен ар бир ай ийгиликтүү жана бейпил болсун деп тилек кылышат.
Кийинки суроо
Үйдү караңгылатып алып, сааттын жебеси 12ни какканда жарыкты күйгүзүшөт
Дасторконго бир дагы эт кошулган тамак коюшпайт
Болгон бош идиштин баарына суу толтуруп коюшат дагы, Жаңы жылга караган түнү ошол суунун баарын терезеден төгүшөт
“Жаңы жылдык өбүшүү мүнөтү”. Бул салтты кайсы өлкөнүн эли карманат?
Туура вариант (а). Болгарияда “Жаңы жылдык өбүшүү мүнөтү” аттуу жөрөлгө бар. Качан топ Жаңы жылды тосуу үчүн дасторкондун чекесине жайланышканда, бардык үйдө жарык 3 мүнөткө өчүрүлөт. Бул 3 мүнөттү караңгылык сактаган сыр деп эсептешип, жарык жандырылган соң 3 мүнөттүн ичинде болуп өткөн окуя тууралуу сөз болбойт.
Кийинки суроо
Болгария
Швеция
Франция
Жаңы жыл майрамын суу чачышып өткөргөн өлкөлөр:
Туура вариант (в). Аталган өлкөлөрдө жылдын эң ысык айларында Жаңы жыл майрамы белгиленет. Ошол себептен Жаңы жыл менен удаалаш эле Суу фестивалы да өткөрүлөт. Мында эл чоң аянтка чыгып, жолуккан жерден бири-бири менен суу чачышат. Муну менен адамдар бири-бирине “кирип келген жылда бакыт, ийгилик, тазалык коштоп жүрсүн” деген тилегин билдиришет.
Кийинки суроо
Африка, Бразилия, Япония
Мексика, Италия
Мьянма, Таиланд, Лаос
Италияда Аяз атаны эмне деп аташат?
Туура вариант (б). Италияда Жаңы жылды майрамдоо салтанаты 13-декабрь - Ыйык Лючия күнүнөн тарта башталат. Жергиликтүү Баббо Натале, башкача айтканда, Аяз ата 24-декабрда келет деген ишеним бар. Майрамдын соңунда Аяз кыздын ордуна Бефана аттуу кичинекей жез кемпир жаш балдарга салтка айланган шоколаддан таттууларды алып келет. Албетте, өзүн жыл бою тартиптүү алып жүргөн балдарга гана таттуулар берилет деген ишеним Италияда да жашайт.
Кийинки суроо
Нонно Тэди
Баббо Натале
Баббо Клаус
Кытайда Жаңы жыл майрамы качан майрамдалат?
Туура вариант (а). Кытайда Жаңы жылды дайым ай жаңырганда, башкача айтканда, январь айы аяктап, февраль айы башталганда майрамдашат. Майрам учурунда көчө толо эл жүздөгөн фонарларды жарык кылып алып агылып жөнөшөт. Мындай ырымды алар кирип келген Жаңы жылда жолубуз шыдыр жана жарык болсун деген максатта колдонушат. Ошондой эле Кытайда Жаңы жыл майрамын жин-шайтан курчап алган деген ишеним бар. Фейерверк, тарсылдактарды аттыруу салты ушундай жаман нерселерди чочутабыз деген ишенимден улам калган.
Кийинки суроо
Январь айынын аягы, февралдын башы
Декабрь айы толук Жаңы жыл майрамы
1-декабрдан 10-январга чейин
Японияда Аяз атанын ордуна ким келет?
Туура вариант (б). Японияда көпчүлүк балдар үчүн уюштурулган балатыларда Хотэносё аттуу адам келет. Аны Кудай катары көрүп ишенип келишкен. Хотэносёну чоң курсактуу, шайыр жана ар дайым жонунан чоң кабын түшүрбөгөн, желкесинде көзү бар киши деп элестетишет. Көптөгөн балдарды ата-энеси Жаңы жыл жакындап калганда “тентек кылба, Хотэносё желкесиндеги көзү менен көрүп коёт да, майрамда белексиз каласың” деген эскертүүлөрдү айтып ишендиришет.
Кийинки суроо
Аяз кыз келет
Желкесинде көзү бар Хотэносё
Оозунан от бүрккөн ажыдаар
Шотландияда кеңири тараган ырымдардын бири...
Туура вариант (а). Шотландияда чоң челектин ичин чайыр менен майлап алып, анын ичине от коюп көчөнү кыдырып айлантып жөнөшөт. Мындай иш-аракетти шотландиялыктар Эски жылды өрттөө деп эсептешет да, ушундай жол менен Жаңы жылга жол ачып беришет. Ал эми коноктор болсо барган үйүнө көмүрдүн бир бөлүгүн көтөрүп барышат да, каминге же мешке салып коюшат. Бул салт үй-бүлөнүн коломтосунда от өчпөсүн деген тилектерди билдирет.
Кийинки суроо
Челекти чайыр менен майлап, аны өрттөп алып көчөгө алып чыгышат
Терезеден эски буюмдун баарын ыргытып жиберүү
Белектердин баарын балатынын түбүнө коюп, үстүн чара-табак менен жаап коюу
Кайсы өлкөдө Эски жыл чыгып кетсин деп саат түнкү 12де үйдүн арткы эшиктерин ачып коюшат?
Туура вариант (б). Качан Биг-Бендин жебелери саат түнкү 12:00гө туура келгенде англиялык жашоочулар үйлөрүнүн артындагы эшиктерин ачып коюшат. Муну менен алар Эски жылга эшиктерди кеңири ачып берген болушат. 60-секунда какканда үйдүн негизги эшигин ачып, кирип келген Жаңы жылды тосуп алышат. Үй-бүлө мүчөлөрү баары тең белектерди алып, кооздолгон балатынын түбүнө коюп коюшат. Саат 12ден кийин баары аттары жазылган кагаздардан чүчү кулак кармашып, ким туш келсе, ошого даярдаган белегин сунат.
Кийинки суроо
Чехия жана Словакияда
Англияда
Орусияда
Эквадордо Жаңы жыл кирип келе жаткан сааттарда кызыл же болбосо сары түстөгү ич кийим кийип жетишүүгө аракет жасашат. Бул ырымдын мааниси эмнеде?
Туура вариант (в). Мааниси – “Жаңы жылда акча башыңа кардай жаасын десең, саат туура 12 болгондо сары түстөгү ич кийим кий. Эгер жеке жашооңдо баары ойдогудай болсун, акча маанилүү эмес десең, ич кийимиң кызыл түстө болсун” деген түшүнүк.
Кийинки суроо
Эквадордо “бардык нерсе ич кийимден башталат, анын түсүнө жараша жашооң да түркүн түстүү кызыктарга бай болот” деп эсептешет.
“Кызыл түс Аяз ата сүйгөн түс болгондуктан, каалаган белекти алып келип берет. Ал эми сары - байлыктын түсү” деген түшүнүк бар.
“Кызыл ич кийим бакыт алып келет, ал эми сарысы байлык чакырат” деген түшүнүктөн келип чыккан.
Германияда Санта Клаус эмне менен келет?
Туура вариант (в). Немистердин Жаңы жыл тууралуу жомокторунда Санта Клаус эшек минип келет деп айтылат. Ал эми Аяз атага ишенген балдар уктаар алдында Санта Клаус белек салып кетсин деп, тамактануучу столдун үстүнө тарелка коюп укташат. Ал эми байпактарын дубалга илип, Санта Клаустун эшеги ачка калбасын деп ичине чөп салып коюшат.
Кийинки суроо
Бугуларга чана чегип алып келет
Алтын түстүү арабаны 3 атка чегип келет
Эшек менен келет
Венгриялыктардын дасторконунан Жаңы жыл күнү кандай тамакты кезиктирүү мүмкүн эмес?
Туура вариант (б). Дасторконго куш этинен жасалган тамакты коюшпайт. Жаңы жылда кирип келген бакыт куштун жаны менен кошо үйдөн учуп кетпесин деп коркушат. Мындан сырткары жаңы жылдык тамактардын ар бирине өзгөчө маани берүү менен дасторкон даярдашат. Мисалы: буурчак жана төө буурчак адамдын денесиндеги рухту бекем сактайт, алма сулуулукту жана сүйүүнү алып келсе, жаңгак кырсыктан сактайт. Ал эми сарымсак оору-сыркоодон сактаса, бал коюу менен жашоо таттуу болот деген ырымдарды карманышат.
Кийинки суроо
Сарымсак кошулган тамакты колдонушпайт, анткени “анын ачуу жыты периштелерди чочутуп жиберет” деген түшүнүк бар
Дасторконго куш этинен жасалган тамакты коюшпайт, Жаңы жылда кирип келген бакыт куштун жаны менен кошо үйдөн учуп кетпесин деп коркушат
Жаңгак, бадам сыяктуу сырты катуу жемиштерди коюшпайт, Жаңы жылда кирип келген бакыт жаңгакты жарып жей албай, ачка калат деп ойлошот
Африкада балатынын ордуна эмнени кооздошот?
Туура вариант (а). Африка экватор сызыгында жайгашкан ысык өлкө болгондуктан, ал жакта ийне жалбырактуу дарактар өспөйт. Ошол себептен Жаңы жыл майрамын африкалыктар да четте калбай пальманы жасалгалоо менен тосуп алышат. Африкада Жаңы жыл майрамы өзгөчө шаан-шөкөт менен майрамдалып, тирүүлүктүн символу деп жумуртканы жогору баалашат. Бул күнү жаш кыз-жигиттер 2 тайпага бөлүнүп, жумуртканы оозуна тиштеп алышып 4 аяктап жарышышат. Кайсы топ жумуртканы жарбай болжогон жерге жетсе, жеңүүчү аталат.
Кийинки суроо
Пальма
Синсепалум дарагын же бонсай
Балаты жасалгалашпайт
Ислам динин тутунган өлкөлөрдө жылдын жаңырышы деп кайсы учурду белгилеп калышкан?
Туура вариант (в). Көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Иран, Кыргыз Республикасы сыяктуу көптөгөн мамлекеттерде жылдын жаңырышы деп 21-Март – Нооруз майрамын белгилешет. Бул күнү күн менен түн теңелип, желин жарылып сүт чыгып, жер жарылып чөп чыгып, айлана-теребел кышы бою уктап жаткан уйкудан ойгонуп, жаңы күн башталат.
Кийинки суроо
1-январь
22-декабрь
21-март
Лапландияны Аяз атанын мекени деп келишет. Ал дүйнөнүн кайсы жеринде жайгашкан аймак?
Туура жооп (б). Лапландияны Аяз атанын, башкача айтканда, Санта Клаустун мекени деп келишет. Санта Клаустун мекени Лапландия деп тандашканынын себеби, аталган аймакта кышкысын суук -50 градуска чейин жетип, 4 мезгилди тең көрүүгө болот. Лапландия маданий жайы негизинен Орусия, Финляндия, Норвегия, Швеция өлкөлөрүнүн ортосунда чектеш жайгашкан. Ал эми туризм боюнча жана Аяз атага байланыштуу кеп болгондо Финляндияда жайгашкан Лаппи провинциясына басым жасалат.
Кийинки суроо
Антарктидада
Финляндияда
Арктикада
Сүрөттө кайсы өлкөнүн Аяз атасы тартылган?
Туура вариант (в). Кыш Бабай тууралуу уламыш жалпы түрк тилдүү элге байланыштуу дешет. Байыркы түрктөр жылдын жаңырышы деп эң узун түн аталган 22-декабрды атап келишкен. Татар уламыштарында Кыш Бабай Кудай ордуна эсептелген. Аталган эң узун түндө кыш кудайы Тенгре туулуп, эл аны жакшылыктын кудайы деп Кыш Бабай атап келген.
Кийинки суроо
Дзмер Папи деп аталган Армениянын Аяз атасы
Нидерланды Аяз атасы – Синтерклаас
Татар Аяз атасы – Кыш Бабай
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Azahan, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Тест эн мыкты жана кызыктуу даярдалыптыр. Ушул тестти биз учун кун-тун даярдоого мээнет синирген ар бир адамга (журналисттен тарта компьютердик дизайнерге чейин) терен ыраазычылык билдирип рахматымды айтамын... Мен учун ары кызыктуу, ары позитивдуу тест болду...
мусулмандар белгилебейт!