Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында эки жолу жер титирөө катталды
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү саат 16:57де Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 2,5-3 баллга чейин сезилген. Ошондой эле кечээ, 19-декабрь күнү саат 21:53тө Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 2,5-3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Арал айылдарында 2,5-3 балл, Масы, Базар-Коргон айылында жана Кочкор-Ата шаарында 2 баллга сезилген.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.