super.kg logo

Чоң энесин мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды

 

Чоң энесин мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 2015-жылдын 1-сентябрында саат 17:30 чамасында болгон. Анда 1990-жылы туулган Алишер Кыргызбай уулу мас абалда чоң энеси О.Тны эч себепсиз таяк менен башка чаап, өзүн жоготуп койгон учурда дөңгөч менен башына 3 жолу чаап жиберген. Натыйжада О.Т. алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон.

Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмү менен Алишер Кыргызбай уулу (билими орто, эч жерде иштебеген, үй-бүлөлүү, 1 баласы бар, мурда соттолбогон) "алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү" боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөй турганы белгиленген.

Ал эми соттун жогоруда айтылган өкүмү менен макул болбой соттолуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылып, Алишер чоң энесин атайылап өлтүрбөгөндүгүн көрсөтүп, соттолуучунун кылмыш аракетин "байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу" беренесине которууну суранган.

Жалал-Абад облустук соту кылмыш ишин карап, соттолуучунун жактоочусунун даттануусун канааттандырган жок, ошондой эле өзүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
21.12.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
15 жыл аздык кылат мындай ХХХ!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-21 09:46:00
21.12.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Gulim_zamujem, этика нормаларын сактаңыз!
21.12.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арактын кесепети ким ичсин дептир ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-21 10:13:18
21.12.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сот адилет окум чыгарыптыр
21.12.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kudai sakta
21.12.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Baikabastyk m-n 3jolu dongolok m-n urup jiberiptirbi??!!!! Adamdar mykaachy bolup baratabyz baikush kary adam...
21.12.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акча бербей койгон окшойт.
21.12.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kakaly,же акыл насаат айткан балам ичпе айланайын деген болсо созун жактырбай ушул ишти кылган((Эне деген кандай ыйык апандан да аяр жумшак мамиле жасап сени эркелеткен инсан...Жацы жаннаттан болсун энекебиздин
21.12.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омур бою турмого камаш керек. Озунун чон энесине кантип колу барды олтургонго.
22.12.2016. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге аз эле жылга кесишкен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: