ЖЫЛНААМА, 21-ДЕКАБРЬ: 138 жыл мурун советтик мамлекеттик жана саясий ишмер Иосиф Сталин туулган
Мамлекеттик жана саясий ишмер, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун Баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин (Жугашвили) 1878-жылы 21-декабрда Грузиянын Гори шаарында туулган. 1894-жылы Горидеги дин окуу жайын бүтүргөн. Кийин марксчылардын таасири менен революциячыл кыймылга аралашып, жашыруун ийримдерде маркстык адабияттар менен тааныша баштаган. Октябрь революциясын даярдоого жана ишке ашырууга активдүү катышып, Борбордук комиссиянын Саясий бюросунун куралдуу көтөрүлүшүнө жетекчилик кылып, Петроград аскердик революциялык комитетинин мүчөлүгүнө кирген.
1922-жылы апрелдеги Коммунисттик партиянын пленумунда ССКПнын БКсынын Башкы катчылыгына шайланып, ал кызматта өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРди коргоо менен милитаристтик Японияны талкалоого жетекчилик кылган. Ал жаңы совет өкмөтүнүн эл чарбасын калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө, эл аралык позициясын чыңдоого зор салымын кошкон. Ал 1953-жылы 5-мартта дүйнөдөн кайткан.
Иосиф Сталинге "Социалисттик Эмгектин Баатыры" (1930), "Советтер Союзунун маршалы" (1943), "Советтер Союзунун генералиссимусу" деген наамдар берилген. Ошондой эле 1-даражадагы Суворов ордени жана медалдар менен сыйланган.
21-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

