Жалал-Абад шаарында 8 автоунаа уурдалып, анын үчөө табылбай жатат
Жалал-Абад шаарында 8 жеңил автоунаа уурдалып, анын үчөө табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад шаарында соңку убактарда белгисиз кылмышкерлер тарабынан автоунаа уурдоо фактысы көбөйүп жатат. Буга чейин 2 Daewoo Tico, 1 Toyota, 5 Honda Fit автоунаасы уурдалган. Алардын ичинен азыркы убакта 3 Honda Fit автоунаасы табыла элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматта белгиленгендей, уурдалган унаалардын баары көзөмөлсүз жайда калтырылган. Мындан сырткары атайын белги берүүчү үн чыгаргычтары жок болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Mekush87

21.12.2016. 12:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушулардын проблемасы бутпойт,кайра-кайра мамлекеттин канын соргондон башка пайдалары жок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.