super.kg logo

Токтогул ГЭСинде кайрадан ири авария болгонун айтат эксперт

 

Токтогул ГЭСинде үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында ири авария болгонун отун-энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев бүгүн, 21-декабрда билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтин №2-гидроагрегатынын 2-трансформаторунун май толтурулган 500 кВттык жогорку басымдагы кабели зыянга учураган. Анын айынан 2-гидротурбина токтотулуп, 6 суткадан бери саатына 43 миллион 200 миң киловатт көлөмдөгү электр энергиясы өндүрүлбөй жатат.

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчилиги бул ири авария фактысын жашырып жатат. Аткаминерлер орусиялык кабелдик заводдун адистерин жашыруун түрдө чакыртышкан. Алар учурда авария болгон жерде. Өлкөбүздүн энергетикалык жана улуттук коопсуздугу менен түздөн-түз байланышкан окуя тууралуу маалыматтын жайылбашына аткаминерлер болгон күчүн жумшап жатышат. Мындай авариялар акыркы 10 жылда Энергетиктер күнү же Жаңы жыл алдында болууда. Андыктан тиешелүү кызматтар бул фактыны бүлүндүрүү аракетине байланыштыруу менен кылдат изилдеп чыгышы керек", - дейт эксперт.

2015-жылы 23-декабрда ушул эле гидроагрегат аварияга учураган, үстүбүздөгү жылдын 14-январында оңдолуп, ишке кирген. 28-декабрда №3-гидроагрегаттын трансформаторунун кабели бузулуп, орусиялык адистердин жардамы менен гана жазында ишке кирген.

Ошол кездеги өкмөт №2-гидроагрегатындагы авария жабдуулардын эскиришинен келип чыкканын айткан. Авария боюнча түзүлгөн комиссия, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын өкүлдөрү да ушундай эле жыйынтык чыгарышкан.

Эксперттин ою боюнча, бул аварияга адамдык фактордун да тиешеси бар жана аны аныктоо үчүн атайын комиссия түзүү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.12.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эксперттердин колунан ХХХ иши келбейт дагы анан суйлой эле беришет.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-21 14:32:45
21.12.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
электр жабдууларын жаныртыш керек ,эскилиги жеткен эбак эле.о э ал жердеги кадрдык маселени да жонго салуу керек.окууну бутконуно бир аз убакыт болгон жаш балдар инженер болуп алганына тан каласын.тажрыйбасы аз ГЭСтин ичинде иштегенине бир аз убакыт болсо анан ушундай озунун ишин мыкты билбеген адистер узгултукко учуратпайт деп ким кепилдик бере алат.ишин жакшы билген тажрыйбасы коп жылдык инсандардан коюшса жакшы болмок
Adil706070 түзөттү 2016-12-21 15:17:15
21.12.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Токтогул ГЭСинде дээрлик тааныш аркылуу ,туугандары аркылуу ишке орношкондор акыркы жылы коп байкалууда.ошонун кесепетинен дагы авариялык учурлар жыл санап кайталанууда.Ишке аларда экзамен алып канча жылдык иш тажрыйбасына жараша кызматка дайындаса туура болот эле.
21.12.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Багы жокко дагы жок!
21.12.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Багы жокко дагы жок!
21.12.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кочмондор ойундарын койуп ГЭСтин жабдууларын жаныртпайбы дейм да свет жок элге кыйын болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: