super.kg logo

Жаңы жыл майрамына карата жакындарыңызга өзгөчө, эксклюзивдүү белек камдаңыз!

 

Жаңы жыл майрамына саналуу гана күндөр калды. Жакындарыңызга, үй-бүлө мүчөлөрүнө, курбу-досторуңузга же кесиптештериңизге кандай эксклюзивдүү, өзгөчө белек алып кубантсам деп ойлонуп жатасызбы? Төмөндөгү макаладан борбор калаадагы көп дүкөндөрдө, базарларда жок оригиналдуу таңгагы, сапаттуулугу менен КМШ өлкөлөрүндө суроо-талап көп жараткан таттуулар, чыныгы цейлон чайы, татымалдар, даяр тамактардын түрлөрү тууралуу маалымат алып, белекке берилчүлөрүн тандай берсеңиз болот.

Сиз көрүп турган товарлар белгилүү "Dolce Vita", "Amore De Bohema", "Darling" жана "Albion" соода маркаларына таандык. Алар дүйнөлүк базарда сапаттуу, жасалма түс берүүчү кошулмасы жок 150дөн ашуун түрү бар цейлон чайларын, 100дөн ашуун түрдүү таттууларды чыгарып алдынкы орунду ээлеп келгени менен белгилүү.

Ошондой эле өзгөчө кооздолуп, таңгакталган ар бир чай терилген күнү, өстүрүлгөн жайы, жыйнап алуу мезгилине карата өзүнчө даамга ээ. Жаштыктын сырлары, денеге кубат берүүчү, сергитүүчү жана башка көптөгөн түрлөрү бар. "Albion" соода маркасындагы чайдын формасы китепти эске салып, анда улуу жазуучулардын ырлары, байыркы тарыхый жайлар тууралуу маалыматтар жазылган. Ысык, коюу, даамдуу, малина, кулпунай, карагат, лимон же дагы башка даам берген чайды ичүү менен бирге дүйнөлүк бай искусство менен таанышып, ырахат аласыз.

Ал эми таттуулары өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Өзгөчө даамы, кооз жаңы жылдык дизайны кичинекей бөбөктөргө эле эмес, чоңдорго да майрамдык маанай тартуулайт. Бүгүнкү күндө 100дөн ашуун шоколад дражесин жана түрдүү момпосуйларды табууга болот. Белгилей кете турган нерсе, заманбап жашоонун талаптарына ылайык, таттууларга жасалма кошумчалар кошулбайт.

Эң кызыгы, бардык товарлар дүң баада сатылат. Сурап-билүү телефондору: 0709 38-88-84, 0709 48-88-87.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.12.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында оригиналдуу белек болот окшойт. Туугандарды куттуктап барганда сатып алсам окшойт. Кооз экен, жакты
27.12.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу компания мага жагат, дайым Орто-сай базарынан чай сатып алам, Молочный улун деген, шоколад аябай даамдуу. Сураныч точкаларынарды кобойтсонор, ато мен билгенден ушул Орто-сай базары эле.
28.12.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чайлардын сапаты эн жакшы экен. Эми ушул чайларды гана сатып алам жана туугандарыма , досторума сунуштайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: