Үч жолу унаа уурдап кармалып, сотто акталып чыгып кеткен жаран дагы унаа уурдоого шектелип кармалды
Үч жолу унаа уурдап кармалып, сотто акталып чыгып кеткен жаран дагы унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 1987-жылы туулган Эркин 2016-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусунан дагы эки унаа уурдап келип, бирин 1200 долларга, экинчисин 1400 долларга сатып жиберген. Ал Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кечээ, 20-декабрда кармалган.
"Кылмышка шектүү 2014-жылы 2 унаа, 2015-жылы 1 унаа, 2016-жылы август айында дагы 1 унаа уурдап кармалган. Бирок үч жолкусунда тең соттон акталып чыгып кеткен. Уурдалган унаалардын баары Хонда Фит үлгүсүндө болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Эртең сот анын баш коргоо чарасын карайт", - дейт Сыдыков.

соттy алдаш проблема что ли?)))