super.kg logo

Орусияда "Боярышник" суюктугуна ууланып каза болгондордун саны 63кө жетти

 

Орусияда "Боярышник" суюктугуна ууланып каза болгондордун саны 63кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда "РИА Новости" маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин Иркутск облусундагы өкүлү Татьяна Шкурскаяга шилтеме берүү менен жазды.

Акыркы маалыматтарга караганда, жалпы 63 адам каза таап, 109 адам жабыркаган. Иркутск облусунда өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, 21-декабрда бир күндүк аза күтүү күнү жарыяланган. Учурда кылмышка шектүү катары 11 адам кармалып, 100гө чукул адам суралды.

Айта кетсек, бул окуя 17-18-декабрь күндөрү Иркутск облусунда болгон. Уулангандардын айтымдарында, спирт ичимдиги катары "Боярышник" суюктугун ичишкенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан. Алардын көпчүлүгү 35-50 жаштагылар.

"Боярышник" суюктугу курамында спирт кошулган косметикалык каражат катары саналат. Дарыгерлердин айтымында, адам өмүрүн алган окуянын келип чыгышына аталган суюктуктун курамындагы метанол себеп болгон. Бирок этикеткада этил спирти деп жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.12.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Орусияга терен кайгыруу менен конул айтабыз.. . Бул корунуш бардык адамдарга эскертуу болуш керек. Биздикилер да рейд жургузуп дары саткандарды текшерип койсо болмок.. .
22.12.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оруссияга терен кайгыруу менен конул айтуу менен менин да кабыргам кайышып турат алтындарым)))
22.12.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алкоголиктер олду да. Ошону учун арактан алыс болуш керек. 90ж дагы ушинтишип кадимки одеколонго ууланышкан.
23.12.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: