super.kg logo

Москвага учам десеңиз, "Эйр Манасты" тандаңыз. Авиакомпания эми аптасына 2 жолудан "Жуковский" аэропортуна каттамдарды аткарат

 

"Эйр Манас" авиакомпаниясы арышын кең таштап, каттамдардын географиясын улам кеңейтип жатат. Эми Москвадан мекенине же мекенинен Москвага сапар алган Кыргыз мамлекетинин жарандары кезек күтүшпөйт. 20-декабрда "Эйр Манас" авиакомпаниясы "Манас" аэропортунан "Жуковский" аэропортуна алгачкы каттамын аткарды. Авиакомпания буга чейин Москва шаарына каттамдарын жалгыз гана "Домодедово" аэропорту аркылуу аткарып келген.

"Жуковский" быйыл май айында ишке кирген. Бүгүнкү күндө аэропорттон Орусиянын аймагына жана КМШ өлкөлөрүнө каттамдар аткарылат. Аэропорт Москва шаарынын борборунан (жалпы колдонулуучу жол) 36 чакырым алыстыкта. Жол издеп, такси карап убара болууга негиз жок. Аэропорт "шаттл-бас" кызматын ишке киргизген. Автобустун баасы 79 рубль.

Учурда 5 авиакомпания менен келишим бар. Алардын бири - "Эйр Манас". Бул авиакомпания менен макулдашууга жакын арада гана кол коюлуп, 20-декабрда алгачкы каттам аткарылды.

Каттам 2017-жылдын февраль айына чейин аптасына эки ирет аткарылат, бара-бара каттамдардын саны артат. Бардык каттамдарды 189 жүргүнчү батыра алган Boeing 737-800 NG учагы аткарат. Кыргыз жарандарын кубантчу жаңылык: билеттин баасы эки тарапка 149 доллардан (10 300 сом) башталат.

"Эйр Манас" авиакомпаниясы - аталган аэропорттон чет өлкөгө каттам аткарган алгачкы чет элдик компания. Аэропорттун жетекчилиги дал ушул авиакомпанияга "Жуковский" аэропортунан Кыргызстанга учуу үчүн эл аралык каттамга уруксат берген. "Рампорт аэро" ишканасынын башкы директору Томас Вайшвила (сүрөттө: оңдон экинчи) буга катар өлкөбүздүн жарандарынын учуусуна да ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

"Эйр Манас" бүгүнкү күндө Ош, Москва шаарларынан тышкары Индияга жана Кытайга да каттамга чыгат. Компания жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүү тарифтерде (Low Cost - төмөн тарифтер форматы), учууларда техникалык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу жана жарандык авиациянын секторуна жогорку стандарттарды киргизүү менен иштейт.

Учуу - ар бир жарандын укугу!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
22.12.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жол кире канча экен
22.12.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mambo-1984,саламатсызбы? Билеттин баасы эки тарапка 149 доллардан (10 300 сом) башталат
22.12.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жуковский аэропорту шаарга узак экен
22.12.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шаарга узак. Метродон электричка электричкадан маршрут ал да жакын барбайт экен аэропортко
22.12.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Москвада авиабилет саткандардын номерин жазып койгулачы?
23.12.2016. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
almazbei,


Бирге ру деген Москвадагы кыргыз сайтынан карап корун.
23.12.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Метро котельникиден афтобуз барат.
23.12.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
(Афтобуз) хе хе патике дегендей эле болду
29.12.2016. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saribulak,))))
23.12.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбойткен,ото алыс.
23.12.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирзохиджон айткандай согуштан суйлосон окоптон чыга калгандар аман эле болгула
24.12.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirzohidjon,сага ким соз берди? Сени эч ким жактырбаганына капасынбы?
Djal1987 түзөттү 2016-12-24 13:46:59
23.12.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олло алыс экен жолго туура эмес аэроэкспресста барбайт ал жака. Жада калса крнын авиакомпаниясы жарытбайт. Кой жуктогондой каалаган жерине отуруп ал дейт. Балан менен учсан кыйналып куйругунда калдандап кетесин. Озубуздун домодедовадан эле аэроэкспресс бар россиянын авикомпаниялары менен татына болуп эле учабыз. Чоооон рахмат.
29.12.2016. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888,билеттери кымбат го. Алыс болсо не кереги бар учуп? Домодедово менен эле учкан жакшы анда)))Конгон Домодедово аман уйубузго жетсек болду)))
24.12.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Россияга барбаган адамдар түшүнбөйле аралашабербегиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: