super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ДЕКАБРЬ: 7 жыл мурун оппозициялык журналист Геннадий Павлюк көз жумган

 

Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы 22-декабрда оппозициялык журналист Геннадий Павлюк Алматыдагы ооруканада эсине келе албай каза тапкан. Дарыгерлер журналисттин алган жаракаты оор болгонун, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогонун билдиришкен.

16-декабрда “Белый пароход” интернет-басылмасынын журналисти Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан.

Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоним менен белгилүү Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыдагы Фурманов көчөсүнөн орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган. Ошол эле күнү ММКларда журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы жөнүндө маалымат тараган. Казакстандын тартип коргоо органдары журналистке кол салуу Журналист буту-колу таңылып ыргытылды деп айтылган үй, Алматы шаарыбоюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзгөн. Кыргыз мамлекетинин укук коргоочулары жана саясатчылары журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырышкан. Журналисттин сөөгү 24-декабрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилген.
Г.Павлюк “Аргументы и факты – Кыргызстан”, “КП в Кыргызстане” гезиттеринде башкы редактор болуп иштеп, “Белый пароход” интернет-басылмасын чыгарып келген.
Г.Павлюк учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин доорун сындаган макалаларды жазып турган.
2011-жылы 11-октярда Алматы калаасынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту Г.Павлюктун өлүмү боюнча өкүм чыгарган. Кылмышты уюштурган деп табылган Кыргыз мамлекетинин Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов 17 жылга, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн казак жарандары Алмаз Игиликов 10 жана Шалкар Уразалин 11 жылга эркинен ажыратылган.
2010-жылы 8-октябрда Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жанында журналистке колодон жасалган эстелик орнотулган. Бирок 2012-жылы 21-майда ал уурдалып, 10-декабрда кайрадан калыбына келтирилген эстеликтин ачылышы болгон.

22-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: