Бүгүн ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунун финалына өтүүгө аракет кылат, ал Орусиядагы мекендештерден колдоо жана добуш күтөт
Бүгүн, 23-декабрда "Голос" долбоорунун жарым финалы өтөт. Анда ырчылар Кайрат Примбердиев, Дарья Антонюк, Сардор Милано, Дария Ставрович, Ксения Коробкова, Михаил Житов, Олег Кондраков жана Александр Панайотов финалга чыгуу үчүн күч сынашат.
Сынакта финалга өтүү үчүн күйөрмандардын добушу маанилүү. Ырчы Орусиядагы мекендештерден добуш берүү аркылуу колдоп коюуну өтүндү.
"23-декабрда "Биринчи каналда" саат 21:30да "Голос" долбоору көрсөтүлөт. Сиздерден добуш берүү менен мени колдоп коюуңуздарды суранам. Кайсы номер экени эфирде айтылат. Орусиялык номер аркылуу гана добуш берүү мүмкүн. Бардык түшкөн каражаттар кайрымдуулукка жумшалат", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, бир билдирүүнүн баасы болгону 50 рубль. Долбоордун шартына ылайык, бүгүн финалга 4 ырчы өтүшү керек.
10-декабрда мекендешибиз "Голос" теледолбоорунун жарым финалына жолдомо алганы белгилүү болгон.



Азыр анык курс канча экенин билбейм.Болгону 50 сом же болбосо 51 сом тегерегинде болот.
Москвада болгонумда колдомокмун. Бирок копчулугу жумушта болотда, анан канчанчы номер экенин билбей калышатда. Эртен отсо жакшы болмок, копчулугуно дем алуу кун болмок.
Туура. Номерин жазып койгула жок дегенде 5оо коруп смс жиберседа женишке 1 кадамда
Жок Первый канал эмблемасы 1