super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ДЕКАБРЬ: Советтик жана орусиялык белгилүү актриса Наталья Фатеева 82 жашка толду

 
"Эки кошуу үч" тасмасында актёр Андрей Миронов менен
"Ийгиликтин мырзалары" тасмасынан кадр

Советтик жана орусиялык белгилүү актриса Наталья Фатеева 82 жашка толду. Ал 1934-жылы 23-декабрда Украинанын Харьков шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бош убактысын көбүнчө опера театрында өткөргөн Натальянын ата-энеси кызынын музыкага шыгы бар экенин байкап, музыкалык мектепке беришкен. 1952-жылы Н.Фатеева Харьков театралдык институтуна тапшырган.

1956-жылы актриса "Ушундай жигит бар" тасмасына тартылып, кинодогу алгачкы ролун жараткан. Ал эми 1958-жылы Мария Ермолова атындагы театрда эмгектенип, "Эки өжөр", "Үч жолдош" спектаклдеринде башкы ролдорду жараткан.

Мындан тышкары актриса "Карыган таш баканын капитаны", "8-шахтадагы окуя", "Үч кошуу эки", "Жолдогу салгылашуу", "Саламатсыңбы, бул мен", "Деңиз ырлары", "Ийгиликтин мырзалары", "Капуцинов бульварындагы киши", "Күзгү азгырыктар", "Кечкурундан чак түшкө чейин", "Жолугушчу жерди өзгөртүүгө болбойт", "Москва, мен сени сүйөм!", "Шамалда учкан жалбырактар" тасмаларына тартылып, атактуулукка жеткен.

Н.Фатеева чет өлкөлүк тасмалардын орусча котормолорунда Софи Лорен, Лео Массари, Беата Тышкевич, Невена Коканова жана Барбара Брыльска өңдүү кино жылдыздарынын үндөрүн коштогон.
Наталья Фатеева "Орусия Советтик Федеративдик жана Социалисттик Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" жана "Эл артисти" наамдарына татыктуу болуп, Ардак ордени менен сыйланган. Чыгармачылыктан тышкары актриса коомдук ишмер катары да эмгектенген.

23-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: