ЖЫЛНААМА, 24-ДЕКАБРЬ: Обончу, ырчы, акын, дастанчы Жолболду Алыбаев 69 жашка толду

Бүгүн, 24-декабрда обончу, ырчы, акын, дастанчы Жолболду Алыбаев 69 жашка толду. Ал 1947-жылы Өзгөн районуна караштуу Заргер айылында төрөлгөн.
Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде окуган. Анын обон чыгарууга болгон ышкысы институтта окуп жүргөндө башталып, обончу, композитор Р.Абдыкадыровдун чыгармаларын аткаруусу жана анын жеке өзүнөн таалим-тарбия алуусу ага чыгармачылык түрткү берген.
Жолболду Алыбаев 1970-2000-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында, Маданият техникумунда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген.
2000-жылдан тарта Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында артист болуп эмгектенген.
Жолболду Алыбаев 200гө жакын обондуу ырлардын, 50дөн ашык көлөмдүү чыгармалардын, 3 китептин автору. Анын "Караматхан", "Сүйгөнүмө" сыяктуу ондогон обондору Кыргыз радиосунун алтын казынасына жазылып алынган.
Жолболду Алыбаев - КРнын Эмгек сиңирген артисти (1993), Эл артисти (2003), Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, ОшМУнун профессору, Өзгөн районунун ардактуу адамы.
24-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
fanatka19

24.12.2016. 13:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун,ушул кишини атам аябай жаушы көрчү эле.азыр угайын деп эч жерден таба алөайм.
alina79

24.12.2016. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
69 жашыныз кут болсун!Ден соолугунуз чын,омурунуз узун болсун,100 го чыгыныз! Менин атам энем да бу кишинин "Чолпонум"деген ырын жактырып угушар эле...алар азыр жок...
jiku_83

25.12.2016. 01:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кут болсун 69 жаш курагыңыз!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.