super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 26-ДЕКАБРЬ: Советтик жана орусиялык белгилүү актёр жана ырчы Михаил Боярский 67 жашка толду

 
Үй-бүлөсү менен

Советтик жана орусиялык белгилүү актёр жана ырчы Михаил Боярский 67 жашка толду. Ал 1949-жылы 26-декабрда Орусиянын Ленинград шаарында актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

1972-жылы Фёдор Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде театрдагы дебюттук ролун аткарган. Ал эми актёрлук карьерасын 1974-жылы "Көпүрөлөр" тасмасынан баштап, 1978-жылы "Д’Артаньян жана үч мушкетёр" тасмасына тартылып, жылдызы жанган. Михаил Боярский Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлык, наамдарга ээ болуп, 1984-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамына арзыса, 1990-жылы "Эл артисти" наамын алган.

М.Боярский "Трубадур жана анын достору" мюзиклинде башкы ролду аткаргандан кийин көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп, актриса Лариса Луппианга үйлөнгөн. Экөө Елизавета аттуу кыздуу болуп, ал дагы кийин актрисалык кесипти тандап алган. Актёр мындан тышкары "Кар ханышасы", "Станция", "Адамдар жана дилгирленүү" жана "Дульсинея Тобосская" спектаклдеринде роль жараткан.
Актёрдун тартылган тасмаларындагы ырларды ал өзү ырдаган.

Анын 21-кылымда тартылган тасмалары болуп "Жаңы бремендиктер" (2000), "Акмак" (2003), "Тарас Бульба" (2008), "Мушкетёрлордун кайтып келүүсү" (2008), "Капуциндердин бульварындагы киши" (2009), "Пётр I. Мурас" (2011),"Шерлок Холмс" (2013), "Эң мыкты күн" (2015) жана башкалар эсептелет.

М.Боярский телевидениеде дагы иштеген. Алсак, залкар артист Юрий Никулин дүйнөдөн кайткандан кийин "Белый попугай" телеберүүсүн алып барган. Ошондой эле ал "Домино", "Боярский двор" берүүлөрүнүн автору. Ырчынын репертуарында 400гө жакын ыр бар, алардын көбүнүн сөзү өзүнө таандык.

26-декабрга карата жылнаама.






 
 Кыстарылган аудио 

Михаил Боярский - Зеленаглазое такси

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: