super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актриса Жамиля Сыдыкбаева 68 жашка толду

 
"Апамдын махабаты" тасмасынан кадр

Бүгүн, 27-декабрда КРнын Эмгек сиңирген артисти, актриса Жамиля Сыдыкбаева 68 жашка толду. Ал 1948-жылы 27-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында жарык дүйнөгө келген.

Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине тапшырган. Бирок ал окуу жайды аягына чейин бүтпөстөн, Москвадагы ГИТИС театралдык искусство университетине тапшырган. Окуусун бүткөн соң Ош драма театрында эмгектенген. Кийинчерээк борбордогу Кыргыз драма театрына которулуп келип, иштеп калган. Ж.Сыдыкбаева театр артисти Имаш Эшимбеков менен баш кошуп, Булана аттуу кыздуу болушкан.

Актриса "Апамдын махабаты" жана башка бир нече тасмага тартылып, театрда коюлган спектаклдерде роль жараткан. Ошондой эле ал КТРК телеканалындагы "Табигый сырлар" телеберүүсүн 2 жылдай алып барган.

27-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.12.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жетимишке жакындап калыптыр да жаш корунот.мыкты актриса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: